Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кенешинин типтџџ регламентин бекитџџ жљнџндљ» Чет-Нура айылдык ке?ешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 4/7 токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кенешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 13-мартындагы № 4/7 токтому
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын 4- сессиясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 01-24/65 «Айылдык кенештин типтүү регламентин бекитүү» тууралуу буйругунун негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV сессиясы токтом кылат:
1. Чет-Нура айылдык Кенешинин регламенти алымча-кошумчасы менен бекитилсин.(тиркелет)
2. Регламентке ылайык иш алып баруу туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Чет-Нура айыл аймактык айылдык Кенешинин
(XXVII чакырылышынын) кезектеги IV
сессиясында бекитилген токтом № 4/7
Чет-Нура айыл аймактык айылдык кеңешинин
регламенти
Бул Регламент айылдык Кеңештин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык Кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
I Бөлүм. Айылдык кеңештин негизги иштери
1-глава. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык Чет-Нура айыл аймактык айылдык кеңеши (мындан ары - айылдык кеңеш) Чет-Нура айыл аймагында жергиликтүүөз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.2. Айылдык кеңеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү менен шайланган 11 депутаттан турат.
1.3. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук түрү - сессия болуп саналат. Сессия айылдык кеңештин жогорку органы болуп саналат.
1.4. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул регламент менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.