Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын кљз каранды эместигинин 25 жылдыгына арналган «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу аймактар аралык балдардын ыр сынагын љткљрџџ жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Билим берџџ жана илим министрлигинин 2016-жылдын 22-мартындагы № 340/1 буйругу |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигинин 25 жылдыгына арналган «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу аймактар аралык балдардын ыр сынагын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдын 22-мартындагы № 340/1 буйругу
Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигинин 25 жылдыгына арналган иш чаралардын алкагында, жөндөмдүү жана таланттуу жаш ырчыларды аныктоо жана колдоо, балдар чыгармачылыгын таанытуу жана жайылтуу, Кыргызстандын бардык аймактарынын жаш аткаруучуларынын ортосундагы байланышты бекемдөө, өзүн маданияттуу көрсөтүүнүн бардык формаларын жактоо жана алардын маанилүүлүгүн улуттук деңгээлде көтөрүү, Кыргызстан элинин материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, маданият аралык жана цивилизация аралык мамиленин жана өз ара түшүнүүнүн кыргызстандагы тажрыйбасын алдыга чыгаруу, катышуучулардын кругозорун, өзүнүн аткаруучулук жөндөмүн, көнүмдөрүн, кыялын жана жекечелигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү, тажрыйба алмашуу жана кесиптик чеберчиликти жогорулатуу, илимдин жана маданияттын алдыңкы ишмерлерин балдар менен иштөөгө тартуу максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигинин 25 жылдыгына арналган «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу аймактар аралык балдардын ыр сынагы 2016-жылдын 13-16-апрелинде өткөрүлсүн.
2. Сынактын жобосу (1-тиркеме), сынакка тиешелүү чыгымдардын сметасы (№ 2 тиркеме) бекитилсин.
3. «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» сынагын уюштуруу жана өткөрүү «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна (Мусина Д.С.) жүктөлсүн.
4. Аймактык координаторлорго, шаардык, райондук билим берүү башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчыларына сынакты жер-жерлерде өткөрүү жана областтык тандоо сынагын өткөрүү, андагы жеңүүчүлөрдүн республикалык сынакка катышуусун камсыз кылуу милдеттендирилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борборлоштурулган эсепканасына (Эшматова Г.С.) сынакты «Балажан» борборунун чыгымдары үчүн 2016-жылга каралган чыгымдардын бекитилген сметасынын көлөмүндө каржылоо тапшырылсын.
6. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Т.А.Ашымбаевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлигинин