|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Љкмљтџнџн 2017-жылдын 8-июнундагы № 214-б буйругу |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 214-б буйругу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруу, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун инфраструктурасын жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарынын жана участокторунун социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарын өнүктүрүүгө 2017-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде Иш-чаралар планын белгиленген тартипте өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарынын жана
участокторунун социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча
Иш-чаралар планы
№ | Иш-чаранын мазмуну | Аткаруу мөөнөттөрү | Талап кылынуучу сумма (млн. сом) | Каржылоо булактары | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Кара-Токой айылында суу түтүктөр тарамын куруу (3 км) | 2017-жыл | 0,02 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен | Курулуш агенттиги, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
2 | Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Согмент айылында суу түтүктөр тарамын куруу | 2017-жыл | 4,4 | Өзгөчө статусу бар чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө каралган каражаттардын эсебинен |