Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жљнџндљ жобону бекитџџ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Љкмљтџнџн 2015-жылдын 2-мартындагы № 92 токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
«Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 92 токтому
Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жана пайдалануу жаатындагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө», «Жер казынасы жөнүндө», «Ичүүчү суу жөнүндө» жана «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж. Оторбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2015-жылдын 2-мартындагы № 92
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө
Жобо
1. Жалпы жобо
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында жер астындагы сууларды коргоо жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Жобо Кыргыз Республикасынын жер астындагы сууларды жеке максаттарына пайдаланган юридикалык жактарына жана жеке адамдарына, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде жарандыгы жок адамдарга (мындан ары - суу пайдалануучулар) жана скважиналарды куруу жана бургулоо иштерин аткарган уюмдарга алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формасына карабастан тиешелүү.
2. Терминдер жана аныктамалар
3. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
жер астындагы суулар - жердин үстүнкү катмарынан төмөн жактагы бардык тузсуз жана минералдык-термалдык суулар.
жер кыртышындагы суулар - жердин суу өтпөс мейкиндигинин биринчи катмарынын үстүндөгү жер астындагы кысымсыз суулар.
артезиан (кысымдуу) суулары - ачканда суунун деңгээли жердин үстүнөн же ачуунун тереңдигинен жогору болуучу тереңдеги суу горизонтторундагы жер астындагы суулар.
фонтандаган (өзү чыгып туруучу) скважина - ачканда суунун деңгээли жердин үстүнөн жогору болуучу кысымдуу суулуу горизонттордогу скважина.
суу чыгаруучу курулма - жер астындагы суу менен камсыздоо булактарынан сууну алуу үчүн гидротехникалык курулуш.