|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Жергиликтџџ бюджеттен кошумча акча каражаттарын бљлџп берџџ жљнџндљ» Ош шаардык кењешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы № 205 токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаардык кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы № 205 токтому
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы (III чакырылыш)
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 16-июлундагы № 16, 2014-жылдын 22-августундагы № 17 жана 2014-жылдын 15-августундагы № 20 токтомдорун ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 16-июлундагы № 16, 2014-жылдын 22-августундагы № 17 жана 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 20 токтомдорунун негизинде № 1 тиркемеге ылайык жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүүгө жана бекитилген бюджетке өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаардык балдар сүт ашканасы муниципалдык мекемесинин 2014-жылдагы бюджетинен 200,0 миң сом акча каражатын аталган сүт ашканасына кызматтык автомашина сатып алуу үчүн Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына которууга уруксат берилсин.
3. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгына, Ош шаардык каржы башкармалыгы менен биргеликте башкармалыктын 2014-жылдагы титулдук баракчасынын эсебинен 4700,0 миң сом акча каражатын таап шаардагы ирригациялык курулуштардын оңдоо иштерине жумшоосу жана аткарылган жумуштар боюнча жылдын жыйынтыгы менен отчёт берүүсү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин
2014-жылдын 17-сентябрындагы
кезектеги XX сессиясынын № 205
токтомуна № 1 тиркеме
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 16-июлундагы отурумунун № 16 токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси: