Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтџџ љз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирџџнџ уюштуруу жана жџргџзџџ тартиби жљнџндљ» жобо (Кыргыз Републикасынын Љкмљтџнџн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтому менен бекитилген) (2017.08.06. љзгљртџџлљр жана толуктоолор менен) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
2-тиркеме
Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 14-декабрындагы № 674
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында
кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө
жобо
(2017.08.06. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жарандык кызматчылардын же муниципалдык кызматчылардын (мындан ары - кызматчылар) тартиптик жоруктарды жасаган фактылары боюнча кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата колдонулбайт.
3. Кызматчы жасаган тартиптик жорук же анын кызматтык милдеттерин аткарбаган фактылары боюнча материалдарды өз учурунда, ар тараптуу, толук жана объективдүү чогултуу жана изилдөө үчүн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси дайындаган кызматтык териштирүү (мындан ары - териштирүү) жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Кызматтык териштирүү - бул адамдардын чөйрөсү боюнча да, көлөмү боюнча да мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинен чыкпоого тийиш болгон ички текшерүү. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын штаттык санына кирбеген адамдар күбө катары жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү жана квалификациялык корутундуну бериши үчүн компетенттүү адистер жана эксперттер катары тартылышы мүмкүн.
5. Кызматтык териштирүү жүргүзүү үчүн негиз (себеп) болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарынын рапорттору, кызматтык каттары;
- этика боюнча комиссиянын сунушу;
- кызматтык тартип бузулгандыгы жөнүндө даттануулар, арыздар, маалыматтар;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кызматтык тартип жоругу жөнүндө билдирүүлөр;
- тартиптик жорук жасалгандыгы жөнүндө кызматчынын, же болбосо жеке адамдардын же юридикалык жактардын жекече арыздары;