Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Љнљр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илим-изилдљљ жана долбоордук-издеп табуу институту жљнџндљ» жобо (Кыргыз Республикасынын Љкмљтџнџн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтому менен бекитилген) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
11-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 16-декабрындагы № 687
токтомуменен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту энергетика жаатында илим-изилдөө, долбоордук-издеп табуу жана өндүрүштүк-коммерциялык ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик илимий мекеме болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин алдындагы «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
2. Институт юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери бар.
3.Институттун юридикалык дареги: 720044, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, И.Ахунбаев көчөсү, 184.
4. Институттун оперативдүү башкаруу укугунда мүлкү болот, мүлктү сатып алууга укуктуу, өз алдынча балансы, мөөрү бар, өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тышкы экономикалык ишти жүргүзөт, ошондой эле сотто доочу жана жооп берүүчү катары чыга алат.
5. Институттун иши каражаттарды үнөмдөөгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана кеңейтүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сыртта жайгашкан электр энергиясын керектөөчүлөрүн электрофикациялоо жана электр менен жабдуу боюнча илимий-техникалык жана долбоордук продукцияны иштеп чыгууга багытталган.
2. Институттун милдеттери жана ишинин түрлөрү
6. Институттун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жайгашкан өнөр жайлык жана жарандык электр тармагын куруу боюнча тапшырык берген кардарларды долбоордук-сметалык документтер менен камсыз кылуу;
- электр тармактык жана башка объекттерди долбоорлоонун жана куруунун алдыңкы технологияларын илимий негизде киргизүү;