Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Илим жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2016-жылдын 20-июлу) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Илим жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 407 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 929-VI токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 1489-VI токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 Мыйзамы менен кабыл алынган
1-ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-берене. Мыйзамдын максаты
1. Ушул Мыйзамдын максаты болуп Кыргыз Республикасында илимдин жана илимий-техникалык иштин болушун камсыз кылуучу негизги укуктук, экономикалык жана социалдык шарттарды жана кепилдиктерди белгилөө саналат.
2. Ушул Мыйзам төмөнкүлөрдү аныктайт:
- илим менен техниканы өнүктүрүүдөгү, республиканын калкынын социалдык-экономикалык бакубатчылыгын камсыздоо үчүн илимий-техникалык натыйжаларды пайдалануудагы, коомдук өндүрүштү кайра түзүүдөгү жана коомдун керектөөлөрүн канааттандыруудагы мамлекеттин ролун;
- мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги максаттарын, багыттарын жана принциптерин;
- илимий-техникалык чөйрөдө мамлекеттик жөнгө салуунун формаларын жана методдорун;
- илимий-техникалык ишти өнүктүрүүнүн экономикалык жана укуктук кепилдиктерин;
- илимий кызматкерлердин жана илимий уюмдардын укуктук негиздерин.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда негизги түшүнүктөр төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:
- грант - илимий же башка изилдөө иштерин, тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө жана башка максаттарга аларды пайдалануу жөнүндө кийин отчет берүү менен юридикалык жана жеке жактарга акчалай же натуралай формада берилген акысыз субсидия;
- мамлекеттик заказ - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражатынын эсебинен товарларды берүүгө, жумуш аткарууга, кызмат көрсөтүүгө заказ;
- илимий-техникалык саясат - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү, ал илим, техника жана инновациялар чөйрөсүндө мамлекеттин ишинин негизги максаттарын, багыттарын, принциптерин, формаларын жана методдорун аныктайт;
- илимий жана илимий-техникалык иш - технологиялык, инженердик, экономикалык, социалдык, гуманитардык жана башка проблемаларды чечүү үчүн жаңы билим алууга, колдонууга, илимдин, техниканын жана өндүрүштүн бирдиктүү система катары иштешин камсыз кылууга багытталган иштер;