Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 4-февралындагы № 05-2295 токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 4-февралындагы токтому
Иш № 05-2295
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Калиева Г.У.,
судьялары: Базаралиева А.М., Батыралиев Б.Б.,
сот отурумунун катчысы: Абдрахманова Г.,
соттун ачык отурумунда М.К.нын Ош облусунун Араван райондук сотунун 2013-жылдын 6-ноябрындагы чечимине жана Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 23-июлундагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусу боюнча жарандык иш каралды.
Ош облусунун Араван райондук сотунун 2013-жылдын 6-ноябрындагы чечими менен доо арыз жарым-жартылай канааттандырылган.
Доогер Г.Б.нын пайдасына жоопкер М.К.дан 982200 сом өндүрүлгөн.
Жоопкер М.К. мамлекет пайдасына 98220 сом мамлекеттик жыйым өндүрүлгөн
(төрагалык кылуучу-судья: АрзыбаевУ.К.).
Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 23-июлундагы токтому менен Араван райондук сотунун 2013-жылдын 6-ноябрындагы чечими өзгөртүлгөн.
Г.Б.нын пайдасына М.К.дан негизги карыз 770000 сом өндүрүлгөн.
Г.Б.дан мамлекеттин пайдасына 23090 сом мамлекеттик алым, М.Кдан115663 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн.
М.К.нын кассациялык арызы канааттандыруусуз калтырылган
(төрагалык кылуучу: Мадмарова Э.А., судьялар:Мурзабеков Б.Т., Масабирова Т.Ж. - баяндоочу).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Б.Батыралиевдин баяндамасын угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Г.Б. жоопкер М.К.га карата 1002000 сом карыз акчаны өндүрүү жөнүндө доо арызы менен кайрылып, анда жоопкер андан алты жолу бөлүп карызга акча алганын, биринчи жолу 2013-жылдын 10-апрелинде 60000сом, андан кийин 11-апрель 30000 сомду, андан кийин 2013-жылдын 22-апрелинде 80000 сомду, 2013-жылдын 10-майындагы 300000 сомду 2 жылга ар айга 20% менен, 2013-жылдын 8-июнунда 40000 сомду, 2013-жылдын 23-июлунда 200000 сомду 20% менен, 2013-жылдын 26-июлунда 60000 сомду жана башка алган акчаларды 20% менен үч жыл ичинде төлөп беремин деп акча алгандыгын, бирок азыркы күнгө чейин алган акчаларын бербей, проценттерин төлөбөй жаткандыгын билдирип, алган акчалардын саны 770000 сом, үстөгү 232000 сом, баардыгы биригип 1002000 сомду өндүрүү талабы менен кайрылган.
Соттор тарабынан жогорудагы соттук актылар кабыл алынган.