Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Мамлекеттик социалдык заказ жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2015-жылдын 23-апрели) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 251 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-декабрындагы № 1198-VI токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 1281-VI токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 Мыйзамы менен кабыл алынган
Ушул Мыйзам мамлекеттик социалдык заказды түзүүнүн, жайгаштыруунун жана ишке ашыруунун укуктук, уюштуруучулук жана финансылык негиздерин аныктайт.
1-БАП. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары
Ушул Мыйзамдын максатында төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:
мамлекеттик социалдык заказ - республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылоо менен камсыздалган, келишимдик мамилелерге негизделген, жүзөгө ашырууда юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу жолу менен калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө же башка коомдук пайдалуу максаттарга жетүүгө багытталган республикалык, тармактык, региондук же муниципалдык социалдык программалардын бир бөлүгүн ишке ашыруу механизми;
мамлекеттик социалдык заказ программасы - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген жана калкка социалдык кызматтарды көрсөтүүгө жана/же мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруу аркылуу коомдук пайдалуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган уюштуруучулук, экономикалык жана техникалык чаралардын жыйындысы;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ыйгарым укуктарына калкка социалдык кызматтарды көрсөтүү же ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган чөйрөлөрдө коомго пайдалуу башка максаттарга жетүү кирген мамлекеттик орган;
мамлекеттик заказчы - мамлекеттик социалдык заказды жайгаштыруучу жана анын аткарылышын контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (же анын аймактык бөлүмү) же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
мамлекеттик социалдык заказды аткаруучу - мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга мамлекеттик заказчы менен келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер; мамлекеттик социалдык заказды аткаруучулардын чөйрөсү мамлекеттик социалдык заказдын түрүнө жараша айырмаланышы мүмкүн;