Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыздын кийими ислам динине каршы эмес» (2016-жылдын 5-февралы) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыздын кийими ислам динине каршы эмес
Өткөн аптада Президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү Кеңештин алгачкы жыйыны өтүп, анда өлкөнү өнүктүрүүдө улуттук маданиятты сактоонун жана өнүктүрүүнүн өзгөчө орду бар экендиги дагы бир жолу баса белгиленди. Жыйында омоктуу ойлор ортого салынып, арасынан залкар инсаныбыз, аксакалыбыз Бексултан Жакиев азыркынын бир көйгөйүн ачык айтты.
Эл жазуучусу ислам динин тутунган биздин элдин кийинүү маданиятынын убакыт өткөн сайын өзгөрүп бараткандыгы кыргыз маданиятынын түпкүлүгүн сактоого таасирин тийгизерин белгиледи. Негизи бул маселе диний жана мамлекеттик көз караштан алып караганда, өтө кылдат эле. Ошондуктан да социалдык тармактарда бул ойду туура же туура эмес деп сындагандар кеп чыкты. Алар кайсы улут болбосун шарият жол берген гана кийимдерди кийүү туура дешти. Деги эле диний фанатизм пайда болгондон бери бул талаштын бүтпөгөнү бүтпөгөн. Анткени менен көптү көргөн аксакал туура айтты да. Кыргыз канчалаган кылымдар бою өз маданияты бар калк жана анын каада-салттары, айрыкча кийинүү маданияты эч качан ислам динине каршы келген эмес. Кыргыз маданиятынын түпкүлүгү эң эле кылдат ойлонулуп колдонулгандыктан, кийим кийүү жагынан да эч кандай ката кетирген эмес.
Азыр бизге диний агымдардын, убакыттын таасири менен таңууланып жаткан арабдаштырылган кийимдерди кийүү боюнча ар ким өзүнчө түшүнүктө жана ойдо. Чын чынына келгенде, табияттын өзгөчөлүгүнө ылайыкташтырылган араб кийимдерин биздин климатта кийүүгө болбосу чын эмей эмне. Элестетиңиз, азыркы кыштын чилдесинде Нарында дамбал кийип жүрсө болобу? Бул жөнөкөй эле мисал. Ал эми кыргыздын илгери Кошой, Манас аталары кийген кыжым менен баркыттан тигилген дамбал шымдар суукка да, башкасына да туруштук берет эмеспи. Кыргыз дамбалынан араб дамбалынын айырмасы анын кездемесинде жана тигилишинде экендигин эч ким деле танбаса керек. Дамбал демекчи XIX к. башында эркектердин ич кийим катары боору ачык көйнөк, дамбал жана башкалар эсептелген. Башкача айтканда, ак дамбалды кыргыздар ич кийим катары кийишкен. Бул тарых чындыгы. Көйнөктү ак бөздөн же матадан кементайга окшош бычып, этегин тизеден төмөн түшүрүп, жеңин колдун учун жапкандай балбырата тигишкен. Алар кайырма жакалуу же жакасыз болгон. Азыр ушул эле үлгүдөгү кийимдерди сыртта кийгендер көбөйдү.