Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына љзгљртџџлљрдџ киргизџџ жљнџндљ («Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берџџ тутуму жљнџндљ», «Электр жана почта байланышы жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары)» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2015-жылдын 29-декабры) (четке кагылган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары)
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 891 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2016.15.06. № 705-1-VI токтомуна ылайык четке кагылган
1-берене. «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1 жана 2-беренелер төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары
«Иштин, аракеттердин, операциялардын айрым түрлөрүн (мындан ары - иштин түрү) лицензиялоо жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна, укуктарына жана мүлктүк кызыкчылыктарына, айлана-чөйрөгө, менчикке жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында киргизилет.
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы кыйла олуттуу коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзам иштөө үчүн лицензияны жана (же) уруксат берүүнү талап кылган, лицензиялануучу иштердин түрлөрүнүн толук тизмегин белгилейт.
3. Ушул Мыйзамда каралбаган иштердин түрлөрү боюнча лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө жана берүүсүн талап кылууга тыюу салынат.
4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жеке жана (же) юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкактарында лицензияларды жана уруксаттарды берүү менен байланышкан жарандык-укуктук мамилелерге;
2) мамлекеттик каттоо тутумуна;
3) квалификацияны жана кесипкөйлүк көндүмдөрдү баалоо тутумуна;
4) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө шайкештикти баалоо жаатына.