Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Татыктуу билим берџџ љлкљнџн љнџгџшџнљ шарт тџзљт» Суроо-жооп (2015-жылдын 17-апрели) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Татыктуу билим берүү өлкөнүн өнүгүшүнө шарт түзөт
Профессор Бейшенбек Ишенов:
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Экономика жана финансы институтунун директорунун илим жана инновациялар боюнча орун басары, экономика илимдеринин доктору, профессор Бейшенбек Ишенов менен маек.
Суроо: - Бейшенбек Ишенович, жаңы студенттерди кабыл алуу маалы жакындап калды. Жогорку окуу жайга кадам шилтеген келечектеги бухгалтер, экономист, финансист адистигине каалоочулар үчүн окуу жай тууралуу айтып берсеңиз?
Жооп: - Экономика жана финансы институту Кыргыз улуттук университетинин алдында уюшулганына өткөн жылы 60 жыл толду. 1954-жылы биринчи жолу студенттерди кабыл алган.
Жаңы идеяларга сугарылган, жан дүйнөсүн жалаң билим берүүгө арнаган жыйырмага жакын илимдин доктору, алтымышка жакын илимдин кандидаты, бир канча доценттери бар профессордук-окутуучулар жамааты 20 жылдан ашуун мезгилден бери мамлекеттен бир сом албай үзүрлүү эмгектенет.
Республикабыздагы эң абройлуу жогорку окуу жайында 3 факультет, 12 кафедра иштеп, 6000ге жакын студент билим алууда. 60 жылдык тарыхта масштабдуу бай тажрыйба топтоду. Институтту аяктаган кесипкөйлөр чет элдик ишканаларда банк, салык, бажы, соода, өнөр жай, өндүрүш тармагында, айыл чарба жаатында натыйжалуу кызмат көрсөтүүдө. Акыркы үч жыл ичиндеги аналитикалык сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, бухгалтер, экономист адистиктери алдыңкы орунду бербей келүүдө. Быйылкы жылы жогорудагыдай кесипти аркалай турган 800дөн ашык студент диплом алып, эмгек жолун баштамакчы.
Биздин окуу жай бүтүрүүчүлөрү - Экономика министри Темир Сариев, мурдагы Каржы министри Ольга Лаврова, Жогорку Кеңештин депутаттары бюджет комитетинин төрагасы Курманбек Дыйканбаев, Роза Акназарова, Кожобек Рыспаев, меценат Аскар Салымбеков жана башкалар сыймыктануу менен жаштарга үлгү болчу инсандарды тарбиялоону уланта бермекчи.
Суроо: - Эл аралык аренада иштей ала турган, чет тилдерди билген, профессионалдык деңгээли жогору студенттерди даярдоо үчүн аракет барбы?
Жооп: - Базар экономикасынын шартына ылайык конкреттүү багыттагы программаларды түздүк. Студенттердин билим деңгээлинин сапатын көтөрүү зарылдыгын эске алып, окуунун заманбап инфраструктурасын түзүү менен биздин студенттер инновациялык жана интерактивдүү ыкманы пайдалануу аркылуу кытай, англис ж.б. чет тилдерин окушат.