|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Жабырлануучулардын укуктарын мыйзам чегинде коргойбуз» Суроо-жооп (2016-жылдын 12-апрели) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Жабырлануучулардын укуктарын мыйзам чегинде коргойбуз
Нурдин Сулайманов Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп 2015-жылдын 3-августунан баштап иштеп, 2016-жылдын 1-мартынан баштап ачык сынактык тандоонун негизинде борбордун директору болуп шайланган. Буга чейин ал жеке структураларда юрист болуп, андан кийин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүндө инспектор, акыркы жолу аталган борбордо бөлүм башчы жана директордун орун басары болуп иштеген. Нурдин мырза Улуттук борбор Кыргызстанда көз карандысыз кыйноолор менен күрөшүүчү мекеме болгондуктан, коомчулук ишеним көрсөткөн, эл арасында ачык-айкын иштерди жүргүзгөн маанилүү орган болуусун көздөйт. Мындан сырткары ал Улуттук борборго кесипкөй, укук бузууларга чын ниетинен күйгөн кадрларды топтоо, Улуттук борбордун ишмердүүлүгүн максималдуу жакшыртуу жана аны эл аралык деңгээлге чыгарууну, ошондой эле башка мамлекеттик органдар, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен тыгыз мамилени күчөтүү керектигин белгилейт. Мына ушулар туурасында КР Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов менен баарлаштык:
Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов:
Суроо: - Нурдин Эсенович, аталган Улуттук борбордун максаты эмне?
Жооп: - Аты айтып тургандай, Улуттук борбордун негизги максаты - эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалып турган адамдарга карата кыйноолордун жана катаал мамилелердин алдын алуу жана кармоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшүүчү атайын орган болуп саналат.
Кыргызстан 2008-жылдын 29-декабрында Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы Конвенциясына карата Факультативдик протоколго кошулуп, анын негизинде эркиндигинен ажыратуу жана эркиндигинен чектөө жайларда кармалып жаткан адамдарды кыйноолордон жана катаал мамилелерден коргоо жана кармоонун шарттарын жакшыртуу максаттарында алдын алуу кабарландыруусуз үзгүлтүксүз негизде, кайсыл убакта болбосун тоскоолдуксуз баруу үчүн улуттук алдын алуу механизмин ачканга милдеттүү болгон.