Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Мџмкџнчџлџгџ чектелген жарандар џчџн шарттарды тџздџк» Суроо-жооп (2015-жылдын 11-декабры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттарды түздүк
Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун төрагасы Эрнис Чоткараев:
Эрнис Чоткараев 1989-жылы Улуттук университетти бүтүргөндөн кийин прокуратура тармагында 5 жыл иштеп, 1994-жылы Талас шаарында судьялык эмгек жолун баштаган. 1996-жылы Президенттин жарлыгы менен Бишкек шаарындагы Свердлов районуна судья болуп дайындалган. 3 жылдан кийин, 1999-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна судья болуп барган. Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, кайра Бишкек шаарына келип, Сот департаментинде башкармалыкты жетектейт. Андан соң көп жылдар жеке секторлордо юрист болуп иштейт. 2006-жылы кайрадан сот тармагына кайтып. Октябрь райондук сотуна судья болуп дайындалат. 2013-жылдан баштап ушул жылдын 7-июлуна чейин Октябрь райондук сотунун төрагасынын милдетин аткарып келип, Сотторду тандоо кеңешинен өткөндөн кийин июль айынан бери октябрь райондук сотунун төрагасы.
Суроо: - Эрнис Устабаевич, азыркы соттордун иштөө абалы кандай? Бул жаатта реформа кандай жүрүп жатат?
Жооп: - Реформа жакшы эле жүрүп жатат. Сот тармагына судьялардын дайындалышы үчүн Сотторду тандоо кеңеши жакшы иштөөдө. Алар объективдүү, таза иштегендерди калыс тандап жатышат. Алар тандаган талапкерлер Президенттин да тандоосунан өтөт. Анан барып дайындалат. Соттордун иштөөсү азыр кандай кырды бычак болуп баратканын сезип жаткандырсыздар.
Суроо: - Сиз иштеген сот имаратынын айлана-тегереги оңдолуп жаткан экен...
Жооп: - Ооба, акыркы 10 жылдан бери биринчи жолу капиталдык ремонт башталды. Мамлекеттик каражатты Сот департаменти бөлгөндөн кийин тендер боюнча тандалып алынган курулуш компаниясы ишин жүргүзүүдө. Буюрса, баары жаңыланып, имаратыбыз жаркырап калат.
Суроо: - Сиздердин сотто канча судья иштейт? Элдин ишеними канчалык?
Жооп: - Октябрь райондук сотунда 13 судья бар. Бирок, иштеп жатканы 10 эле судья. Анткени Бишкек шаардык сотунда судьялар жетишпегенине байланыштуу Жогорку Соттун төрайымынын буйругу менен 2 судья ал жерде иштөөдө. Бишкек шаардык соту толук курамга ээ болгондон кийин экөө бизге кайтып келет. Бирөө Сотторду тандоо кеңешинде иштеп жатат. Башкы прокуратура биздин райондо болгондуктан, алар караган резонанстуу иштердин көпчүлүгү биздин райондук сотко түшөт. Жаңы эле У.Аманбаевага байланыштуу ишти карап бүттүк, мурдагы депутаттын жасалма диплом алганы боюнча иш да бизге келип түштү. Мындай иштер бизде абдан көп.
Суроо: - Жыл аяктап баратпайбы. Ушул жылы канча кылмыш ишин ачтыңыздар?