Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 4-августундагы № АД-000805/15-МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 4-августундагы токтому
Иш № АД-000805/15-МО
Көзөмөл өндүрүшү № 6-627/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу Базаралиева А.М.,
судьялар: Арапбаев Н.М., Джумашов К.О.,
сот отурумунун катчысы: Абышов Б.,
тараптардын катышуусуз,
ачык соттук отурумда Б.А.Мамаджановдун Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 2-декабрындагы аныктамасына жана Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 8-февралындагы токтомуна карата келтирилген көзөмөл даттануусун карап,
Ош облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 2-декабрындагы аныктамасы менен арыздануучу Мамаджанов Бахтиер Адахамжановичтин жоопкер Ош шаарынын Мэриясына карата, үчүнчү жактар: Ош шаарынын архитектура жана шаар куруу башкармалыгы, Ош шаарынын мамлекеттик каттоо башкармалыгы, Куруев Истраил Исмаил-Оглы, Ош шаардык Кеңешинин аткаруу комитетинин 1989-жылдын 10-октябрындагы Куруев Истраил Исмаил-Оглынын атына чыгарылган № 744 сандуу токтомунун 27-пунктун жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы кароосуз калтырылган
(төрагалык кылган Н.К.Каипова),
Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 8-февралындагы токтому менен Ош облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 2-декабрындагы аныктамасы күчүндө, кассациялык арыз канааттандыруусуз калтырылган
(төрагалык кылган Р.А.Каримова, судьялар: А.У.Эгембердиева, К.А.Салиев - баяндамачы-судья)
ТАПТЫ:
Б.Мамаджанов Ош шаардык Кеңешинин аткаруу комитетинин 1989-жылдын 10-октябрындагы И.И.Куруевдин атына чыгарылган № 744 токтомунун 27-пунктун жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы менен кайрылган.
Соттор тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылар кабыл алынган.
Кабыл алынган биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун соттук актылары менен макул болбогон Б.Мамаджанов Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл даттануу менен кайрылып, анда даттанылган соттук актыларды жокко чыгарып ишти маңызы менен кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жиберүүнү сурайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук отурумуна КРнын Жарандык процесстик кодексине ылайык соттук кароонун орду жана убактысы жөнүндө талаптагыдай кабардар кылынган тараптар келишкен жок. КРнын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы, мыйзам талаптарына ылайык кабардар кылынган тараптар келбей калса КРнын Жарандык процесстик кодексинин 355-статьясынын 2-пунктуна ылайык келбей калган тараптын катышуусуз көзөмөл даттанууну карай берүүгө эч кандай бөгөт жок деп эсептейт.