Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына љзгљртџџлљрдџ киргизџџ жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2015-жылдын 3-декабры) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 827 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-майындагы № 525-VI токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 835-VI токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2016-жылдын 21-октябрындагы № 169 Мыйзамы менен кабыл алынган
1-берене. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө декларация
Жогорку Кеңештин депутаты жеке менчик укугунда өзүнө таандык болгон кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте декларация берет. Кирешелерди жана чыгымдарды атайылап жашыруу менен байланышкан жана Кыргыз Республикасынын салык уюмдары тарабынан аныкталган укук бузуулар жөнүндө маалыматтар Жогорку Кеңештин расмий басылмасында жарыяланууга тийиш.».
2-берене. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 15-берененин l-бөлүгүнун 3-1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
« - кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө декларация бербесе же так эмес же толук эмес маалыматтарды берсе;».
3-берене. «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 502-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8-статья. Бажы органдарынын кызматкерлеринин кирешеси, чыгымдары жөнүндө жана алар менчиктөөгө укуктуу болгон мүлк жөнүндө маалыматтар