Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 31-январындагы № АД-196/16 МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 31-январындагы токтому
Иш № АД-196/16 МО
Көзөмөл өндүрүш № 6-40/17 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу судья: Мухамеджанов А.Ж.,
судьялар: Акматов Б.Дж., Аманалиева Б.К.,
сот отурумунун катчысы: Абашов Б.,
ишке катышуучу жактар: «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун өкүлү - Р.К.Нагаевдин (2017-жылдын 4-январындагы ишеним каттын негизинде) катышуусунда,
ачык соттук отурумда Э.И.Осмоналиевдин Ош облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 21-апрелиндеги аныктамасына, Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 21-октябрындагы токтомуна карата берилген көзөмөл даттануусун карап,
ТАПТЫ:
Сузак районунун прокурору мамлекеттин кызыкчылыгында Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Багыш айыл өкмөтүнүн И.Осмоналиевге жер участогун жана турак жайды бекитүү жөнүндөгү 2003-жылдын 25-мартындагы 1609 сандуу токтомун, анын негизинде берилген техникалык паспортту, 2008-жылдын 17-январындагы мыйзам боюнча мурастоо күбөлүгүн жана Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын Э.И.Осмоналиевдин атына берилген жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү 2008-жылдын 14-мартындагы 142376 сандуу мамлекеттик актысын жараксыз деп табууну жана өтүп кеткен сотко арыз берүү мөөнөтүн калыбына келтирүүнү сураган.
Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2013-жылдын 16-октябрындагы аныктамасы менен Сузак районунун прокурорунун арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган.
Жалал-Абад облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 25-декабрындагы токтому менен Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2013-жылдын 16-октябрындагы аныктамасы күчүндө, кассациялык жеке сунуш канааттандыруусуз калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 28-майындагы токтому менен Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2013-жылдын 16-октябрындагы аныктамасы, Жалал-Абад облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 25-декабрындагы токтому толугу менен жокко чыгарылган, иш жаңыдан кароого Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотуна жиберилген.
Жаңы кароодо иш Ош облусунун райондор аралык сотунун кароосуна өткөрүлүп берилген.