Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 20-апрелиндеги № СА-000289/14-МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 20-апрелиндеги токтому
Иш № СА-000289/14-МО
Көзөмөл өндүрүшү № 6-268/15 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Аманалиева Б.К.,
судьялар: Осмоналиев К.Т., Боронбаева Д.С.,
соттук отурумдун катчысы: Абышов Б.,
тараптар: Ош шаардык Мамкаттоо башкармалыгынын өкүлү - Н.Шерматовдун (2015-жылдын 15-апрелиндеги ишеним катынын негизинде), Х.Мирзаджановдун өкүлдөрү - А.Нишанбаевдин (2013-жылдын 4-мартындагы ишеним катынын негизинде), Т.Жумабаеванын (2015-жылдын 15-апрелиндеги № 1997 тапшырык ордеринин негизинде) катышууларында,
ачык соттук отурумда Ош шаардык прокуратурасынын Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 27-октябрындагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл сунушун карап, ал аныктама менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 27-майындагы аныктамасы күчүндө калтырылган
(төрагалык кылган жана судья-баяндоочу: Каримова Р.А., судьялар: Аширбаев И.М., Абдылдаев А.Ж.),
Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 27-майындагы аныктамасы менен Ош шаардык прокуратурасынын Ош шаардык Мэриясынын 2004-жылдын 18-ноябрындагы № 1458 саны менен Ош шаарынын Сун-Ят-Сень көчөсүндө жайгашкан № 9 бала бакчаны 2795 чарчы метр жер тилкеси менен Х.Мирзаджановдун жеке менчигине берилген токтомун, мурдагы Ош шаарынын Мэри С.Чырмашев менен Х.Мирзаджановдун ортосундагы 2004-жылдын 5-октябрында түзүлгөн келишимди жана Х.Мирзаджановдун атына берилген № 0039718 сандуу жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыны жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган
(төрагалык кылган: Пирматов К.А.),
ТАПТЫ:
Ош шаардык прокурору Ош областынын райондор аралык сотуна Ош шаардык Мэриясына, Мирзаджанов Хусанга карата арыз менен кайрылып, анда Ош шаардык Мэриясынын 2004-жылдын 18-ноябрындагы № 1458 токтомун, Ош шаардык Мэриясы менен Х.Мирзаджановдун ортосунда 2004-жылдын 5-октябрында түзүлгөн жер участкасын сатуу-сатып алуу келишимин, Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан Х.Мирзаджановдун наамына берилген № 0039718 сандуу жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арыз менен кайрылып, анын негизине төмөндөгүдөй жүйөөлөрдү келтирген.