Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Љкмљттџн негизги максаты - элдин турмушун оњдоо» Суроо-жооп (2016-жылдын 19-февралы) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Өкмөттүн негизги максаты - элдин турмушун оңдоо
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев өлкөдөгү жазгы талаачылык иштерине даярдыктын жүрүшү, учурдагы актуалдуу маселелер боюнча маек курду.
Премьер-министр Темир Сариев:
Суроо: - Темир мырза, учурда дыйкандар талаачылык түйшүгүн тарта баштады, жылда эле өкмөттөн алар эмнени күтөт, куйуучу-майлоочу майлардын убагында камсыздалышы, техниканын жеңилдетилген кредиттерге берилиши, үрөн маселелери боюнча суроолорго быйыл кандай аракеттер болот? Мурдагыга салыштырмалуу жакшы шарт түзүлөбү, дыйкандар эмнени күтсө болот быйыл?
Жооп: - Быйыл аба-ырайы салыштырмалуу жылуурак болду, жаз да эрте келери байкалууда, буга карата өкмөт да камылга иштерин эрте көрүп, даярданды. Январь айында министрлер кабинети атайын жыйын өткөрүп, жазгы талаа жумуштарын аткаруу боюнча атайын токтом кабыл алганбыз. Ошол жерде ар бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин толук караганбыз жана тийиштүү органдарга тапшырма бергенбиз. Мындан тышкары 5-февралда Ош шаарына барып, республикалык-селектордук жыйын өткөрдүк. Анда аким, губернаторлор жана тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди. Бир нече маселелерге көңүлүңүздү буруп кетейин.
Биринчи, албетте жалпы мамлекеттик органдардын даярдыгы жана дыйкандардын даярдыгы, бул боюнча даярдык бар, ар ким тийиштүү тапшырмаларын алышты.
Экинчиден, дыйкандарга кредит берүү маселеси толук чечилди. Быйыл «Фермер-4» программасын мурдагы жылдарга салыштырмалуу эрте баштадык. Буга чейин кредиттер 10 пайыз менен эки жылга берилсе, быйылдан тарта үч жылга узартылды. Ошондой эле төлөөгө алты ай каникул берилет. Фермерлерди каржылоодо талаачылыкка, кайра иштетүүгө, мал чарбачылыгы, логистикалык борборлор, күнөскана, тамчылатып сугаруу сыяктуу жаңы ыкмаларга өзгөчө көңүл бурулууда. Анткени алардын өндүрүмдүүлүгү аябай жогору болуп жатат. Мындан башка айыл чарба техникасын лизингге берүүнү жакшыртып, былтыр өздүк салымды 30 пайыздан 10 пайызга түшүрдүк.
Мындан сырткары, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу 5 жылга 12 пайыз менен кредиттер берилүүдө. Ал эми ири долбоорлорду аталган фонд түз каржылайт. Ошондой эле быйыл ар бир облус борборунда мал союучу жайларды куруу пландаштырылууда. Анан дагы эл аралык стандартка жооп берген эки ири логистикалык борбор курулганы жатат. Былтыр да бирөө салынган эле.