Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Грыжа оорусунан толук сакаюуга болот» (2016-жылдын 26-августу) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Грыжа оорусунан толук сакаюуга болот
Учурда бел, бут, грыжа оорулары менен оругандар абдан эле көп. Илгери бул оорулар менен элүүдөн өткөндөр ооруса, азыр оору бир топ жашарган. Жаштардан тартып жашы өйдөлөп калган адамдардын арасында айрыкча, грыжам бар экен деген сөздү көп укчу болдук. Алардын бир канчасы нейрохирургдарга кайрылышса, көпчүлүгү операция жасатуу кооптуу, доктур убактылуу гана айыктырат деген ойдо. Ар кимден ар кандай сөздөрдү угуп, дарылануунун жолун таппай, көрүнгөн тамырчыларга, массажисттерге, сыныкчыларга (костоправдарга) каттагандары андан көп.
Остеохондроз - грыжанын алгачкы кадамы
Медицинада омурткалардын ортосундагы кемирчектерде зат алмашуу бузулуп, остеохондрозду пайда кылары айтылат. Ал омуртка сөөгү менен кемирчектин ортосунда жүргөн потологиялык процесс. Ар бир омуртканын ортосундагы диск адамды олтуртуп, чуркатып, секиртип, эңкейтип жана капталдатып кыймылдатуучу, омурткаларды бири-биринен ажыратпай же жабыштырбай, бир калыпта кармап туруучу функцияларды аткарат. Эки омуртканын ортосундагы дисктеги басым омуртканын кыры менен бирдей болуп, бир тарапка чыгып кетпеши керек.
Ал эми остеохондроздон радикулит пайда болот. Бул жүлүндөн чыккан нерв тамырларынын сезгенүүсү.
Кечке олтуруп иштөөдөн, компьютерде көп олтуруудан омурткалардын зат алмашуусу бузулуп, остеохондрозду пайда кылат да, кемирчек зыян тарта баштайт. Бул оорусу бар адамдар оор жүк көтөрсө, же травма алса оңой эле грыжага кабылат. Грыжа алыстан келээри, заматта эле пайда боло койбогон оору экендигин эске алсак, биз дайыма угуп, анча этибар албаган остеохондроз, радикулит оорусуна чалдыгып калуудан этият болушубуз керек. Андыктан, айрыкча олтуруп кагаз иши менен алек болгондор, тигүү цехинде, компьютерде иштегендер кечке көп убакытка чейин олтура берүүдөн сак болушу абзел. Оор жүк көтөрбой, ыңгайсыз катуу кыймылдарды жасабай, көп басып, көп кыймылдоо оң. Грыжага кабылганда адамдын белине суук бат тиет да, ооруну козгойт. Көнүгүүлөрдү ар дайым жасоо керек, болбосо ошол жерде кан айлануу начарлап, оору тез-тез кармай берет.
Грыжанын үч түрү бар
Грыжа моюн, бел жана көкүрөк омурткасынын грыжасы болуп бөлүнөт. Эгерде жети моюн омурткасынын ортосунда кемирчектер пайда болсо, ал моюн омурткасынын грыжасына кабылат. Мындай учурда эки кол сыздап, баш ооруйт. Кускусу келет. Басканда адам чайпалып басып калат.