Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Россиядагы кыргызстандыктарга кенен мџмкџнчџлџктљр тџзџлдџ» Суроо-жооп (2015-жылдын 28-августу) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Россиядагы кыргызстандыктарга кенен мүмкүнчүлүктөр түзүлдү
Кыргызстан Евразия экономикалык союзунун шарттары менен жашай баштады. ЕАЭБ Орусияда жүз миңдеген жарандарыбыздын тагдырына кандай таасир тийгизет, биримдиктин миграциялык саясаты кыргыз жарандарына кандай жеңилдиктерди берери, Орусиядагы кыргыз элчилигинин ишмердиги тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Болот Жунусов менен маек курдук.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Жунусов:
Суроо: - Болот Төлөгөнович, Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчө болду, биримдиктин миграциялык саясаты Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибизге кандай жеңилдиктерди карады?
Жооп: - Эми, буга чейинки көрүнүштөр кайталанбай, жарандарыбыз 20-30 миң рубль ортомчуларга акча төлөп, же Opусиянын Сахаров деп аталган миграциялык борборго кезекке туруп кыйналбай, патенти жана ишке уруксат кагазы жок жумушка кире алышат. Бирок, жумушка кирип жатканда эмгек келишими менен кириши керек жана эмгек келишими менен киргендиги тууралуу документти жумуш берүүчү жак ФМСке каттоосун талап кылуулары зарыл. Ошондой эле буга чейин Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктарды «кара тизме» көйгөйү, ишке уруксат кагазын, депортация ж.б. ушул сыяктуу бир топ маселелер кыйнап келген. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын статистикасына таянсак, учурда 77 миңден ашык жараныбыз Орусияга кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде, элдин тили менен айтканда «кара тизмеде» турушкан. Андан тышкары, 192 миңден ашык жарандарыбыз «тобокел тобунда» иштеп жүрүшкөн. Орусиянын мурдагы мыйзамы боюнча Орусияга кирген чет элдик жарандар келгенден кийин 7 күндүн ичинде каттоого турушчу, эгер 7 күндүн ичинде каттоого туруп жетишпесе, анда дагы миграциялык эреже бузган катары эсептелип, «кара тизмеге» кирип калышчу. Ушул кыйынчылыктарды 2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев менен Орусия Федералдык миграция кызматынын төрагасы К.Ромодановский жолугушуп, Кыргызстандын жарандарына бир катар жеңилдиктерди берүү жолдорун сүйлөшүштү. Эми кыргызстандыктар Орусияга келген күндөн тарта 30 күндүн аралыгында каттоого туруу мүмкүнчүлүгү каралган Макулдашууга кол коюлду. Макулдашуу 2015-жылдын 20-июлунан тартып күчүнө кирди. Демек, Кыргызстандын жарандары мурдагыдай 7 күндүн ичинде эмес, 30 күндүн ичинде каттоого туруп, жайгашып, иш таап алууга мурдагыга караганда кенен мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Суроо: - 49 миң жараныбыз «кара тизмеден» чыккан-чыкпаганын кантип биле алышат?