Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 19-январындагы № АД-98/16-МН токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 19-январындагы токтому
Иш № АД-98/16-МН
К/ө № 6-1059/16 АД, № 6-15/17 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Арапбаев Н.М.,
судьялар: Осмоналиев К.Т., Акматов Б.Дж.,
сот отурумунун катчысы: Абышов Б.,
Мустапаев Н., Касиев А.И. катышуусу менен,
ачык соттук отурумда Нарын облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 3-августундагы аныктамасына, Нарын облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 15-сентябрындагы аныктамасына карата келтирилген Н.Мустапаевдин көзөмөл даттануусун карап,
ТАПТЫ:
Н.Мустапаев Нарын облусунун райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Нарын шаардык мэриясынын 2015-жылдын 30-декабрындагы № 434-б буйругун жараксыз деп табууну сураган.
Нарын облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 3-августундагы аныктамасы менен Н.Мустапаевдин арызы боюнча арыз ээси тарап болбогондуктан сот ишин жүргүзүү токтотулган.
Нарын облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 15-сентябрындагы аныктамасы менен Нарын облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 3-августтагы аныктамасы өзгөртүүсүз, Н.Мустапаевдин апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.
Кабыл алынган соттук актылар менен макул болбой, Н.Мустапаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көзөмөл даттануу менен кайрылып, анда Нарын облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 3-августундагы аныктамасын, Нарын облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 15-сентябрындагы аныктамасын жокко чыгарып берүүнү сурайт.
Көзөмөл инстанциядагы соттун соттук отурумунда Н.Мустапаев көзөмөл даттанууну колдоп, аны канааттандырып берүүнү сурайт.
А.И.Касиев көзөмөл даттанууда келтирилген жүйөөлөрдү негизсиз деп көрсөтүп, көзөмөл иретинде даттанылган соттук актыларды өзгөртүүсүз күчүндө калтырууну сурайт.
Иштин материалдарын изилдеп, көзөмөл иретиндеги даттануунун жүйөөлөрүн талкуулап, соттук коллегия төмөндөгү негиздерге келет.
Иш материалдарына караганда Нарын шаардык мэриясынын 2015-жылдын 30-декабрындагы № 434-б буйругу менен Нарын шаарынын Кожомжаров көчөсүндө жайгашкан № 12 турак-үйүнүн тургуну И.Касиевге Нарын шаарынын «РТС» аймагынан жеке менчик турак үй куруу үчүн 330,0 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилген.