Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 11-ноябрындагы № 05-1992/15 ГД токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 11-ноябрындагы токтому
Иш № 05-1992/15 ГД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Исакова Ж.М.,
судьялары: Кульматова Д.С., Жумагулов П.,
сот отурумунун катчысы: Доронбеков Ч.,
тараптардан: Ж.Бостонованын өкүлү М.Икрамованын, М.Орунбаевдин өкүлү Д.Эргешовдун катышуусунда,
ачык соттун отурумунда М.Орунбаевдин өкүлү Д.Эргешовдун Кара-Суу райондук сотунун 2015-жылдын 17-апрелиндеги чечимине жана Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 29-июлундагы аныктамасына карата келтирген көзөмөл тартибиндеги даттануусу боюнча жарандык ишти карады.
Кара-Суу райондук сотунун 2015-жылдын 17-апрелиндеги чечими менен доо арыз канааттандырылып, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы 1500 чарчы метр жер тилкесине М.Орунбаев тарабынан мыйзамсыз курулган курулуш толугу менен жоопкердин эсебинен бузулган, жер тилкеси бошотулган жана бассейн үчүн казылган жер түздөлүп, мурдагы калыбына келтирилген.
М.Орунбаевден мамлекеттин пайдасына 700 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн
(төрагалык кылган - судья: Жалалова М.Ш.),
Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 29-июлундагы аныктамасы менен Кара-Суу райондук сотунун 2015-жылдын 17-апрелиндеги чечими өзгөртүүсүз калтырылган.
М.Орунбаевден мамлекеттин пайдасына 350 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн
(төрагалык кылган жана баяндамачы: Мадмарова Э.А., судьялар: Аширбаев И.М., Масабирова Т.Ж.),
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы П.Жумагуловдун баяндамасын, ишке катышкан жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Ж.Бостонова сотко доо арыз менен кайрылып, анда Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы 1500 чарчы метр жер тилкеси 2001-жылдын 14-сентябрындагы сатуу-сатып алуу келишимдеринин негизинде анын менчиги болгонун, бирок, М.Орунбаев бул жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, ал жерге үй куруп, бассейн салып алгандыктан, өзүнүн мүлкүн колдоно албай келгенин көрсөтүп, М.Орунбаевге жер тилкесин колдонуудагы тоскоолдуктарды четтетип, мыйзамсыз курулган үйдү жана бассейнди буздуруп, жер тилкесин бошоттуруп, аны баштапкы абалына келтирип берүүнү сураган.
Соттор тарабынан жогорудагы соттук актылар кабыл алынган.