|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Тџрк маданияты жана мурасы фондунун жол-жобо» Эрежеси долбоору (2015-жылдын 10-сентябры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Түрк маданияты жана мурасы фондунун жол-жобо
Эрежеси
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-сентябрындагы № 434-б буйругу менен жактырылган
Түрк маданияты жана мурасы фондунун жол-жобо эрежеси Түрк маданияты жана мурасы фондунун уставынын (мындан ары - Устав) 5-беренесине ылайык Фонддун ишин аткаруунун жол-жобо эрежесин белгилейт.
1-берене. Аныктамалар
Бул Жол-жобо эрежеде төмөнкүдөй:
«Түрк Кеңеши» - Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кенешин билдирет;
«Фонд» - Түрк маданияты жана мурасы фондун билдирет;
«Тараптар» - Уставга кол койгон Түрк Кеңешине катышкан-өлкөлөрдү билдирет;
«Президент» - Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президентин билдирет;
«Катчылык» - Фонддун Катчылыгын билдирет;
«Фонддун Кеңеши» - катышуучу-өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган чечимдердин ишке ашырылышын көзөмөлдөөчү органды билдирет;
«Персонал» - Фонддун Президентинен, Катчылыгынан жана тейлөөчү кызматкерлеринен турат;
«Комитет» - Фонддун максаттарына жетүү үчүн ишке баа берүүчү долбоорду баалоочу комитетти билдирет;
«ТКӨМБ» - Түрк тилдүү мамлекеттердин мамлекет башчыларын билдирет;
«ТИМК» - Түрк тилдүү мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешин билдирет;
«ТКУКАК» - Түрк тилдүү мамлекеттердин улук кызмат адамдарынын комитетин билдирет.
2-берене. Мүчөлүк
2.1. Фонд катышуучу-өлкөлөрдөн турат (мындан ары - катышуучу-өлкөлөр деп аталат).
2.2. Мамлекет Фонддун Президентине Фондго мүчө мамлекет катары кошулуу ниети тууралуу арыз менен кайрылса болот. Өзүнүн арызында арыз берип жаткан мамлекет Түрк Кеңешинин алкагында кабыл алынган же кол коюлган юридикалык документтерди аткарууга даяр экенин билдирет.
2.3. Фонд Тараптарга келип түшкөн арыз жөнүндө маалымдайт жана ТИМКтин жакынкы жыйынында кароо үчүн ТКУКАКтын күн тартибине киргизет.
2.4. Фондго кирүү жөнүндө чечимди Мамлекет башчыларынын Кеңеши кабыл алат.
3-берене. Фонддун Кеңешинин иши
3.1. Фонддун Кеңешине Төрагалык мүчөлөргө ротациянын негизинде Тараптардын англис тилиндеги расмий аттарына жараша алфавиттик кезекте өтөт. Фонддун Кеңешинде Төрага болуп турган Фонддун Кеңешинин мүчөсү Фонддун Кеңешинин кеңсесинде иштөөгө укуктуу.
3.2. Фонддун Кеңеши:
- Түрк маданиятын жана мурасын коргоодо, сактоодо, калыбына келтирүүдө жана жайылтууда өз ара кызыкчылыкты жараткан маселелерди карайт;