|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| «Кыргызстандын кызыкчылыгы баарынан кымбат!» Суроо-жооп (2015-жылдын 3-апрели) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргызстандын кызыкчылыгы баарынан кымбат!
Кыргызалтын ААК Башкармалыгынын төрагасынын өндүрүш жана геологиялык чалгындоо боюнча орун басары Сагынбек Абдрахманов:
Суроо:- Сагынбек Үмөталиевич, 20 жылдан ашык убакыттан бери Таластагы «Жер-Үй» алтын кенинин тегерегинде ызы-чуу Чубактын кунундай чубалып келет. Эмнеликтен, өз маалында иштете албадык? Карапайым эл тегиз биле бербеген алгачкы тарыхынан эске сала кетсеңиз.
Жооп: - «Жер-Үй» алтын кенин иштетүү - жыйырма жыл мурун «Кыргызалтын» ишканасынын мурдагы жетекчиси Капар Кыдыровдун учурунда эле колго алынып, бир топ негизги иштер жасалган. Айталык, «Жер-Үй» алтын кенинде «Кыргызалтындын» тарыхый чыгашасы бар. Жер «Кыргызалтынга» бөлүнүп берилген. Ал жерге 110 кВт подстанция, 18 чакырым те нологиялык жол салынган. Жумушчулар үчүн «Пионер» турак жай комплексин куруп бүткөнбүз. Долбоордун сметалык иш-кагаздары 100 пайыз даяр эле. Ошол убакта бардыгы болуп, 16 млн. доллар чыгаша болгонбуз. Экс-президент А.Акаевдин аялынын түздөн-түз кийлигишүүсү менен жеке менчик компанияга жең ичинен өтүп кеткен.
Суроо: - Ойдогудай иштетүүгө «Кыргызалтындын» кубаты жетет беле?
Жооп: - «Жер-Үй» алтын кенинин белгилүү болгону качан?! Айталык, «Макмалалтын» кенин 29 жылдан бери жана Солтон-Сары, Терек-Сай комбинаттарын өзүбүз эле иштетип келатпайбызбы!? Тоо-кен байлыктарын чалгындоо, иштетүү боюнча мыкты адистерибиз, такшалган татыктуу кадрларыбыз, бай тажрыйбабыз бар эмеспи. Тилекке каршы, «Жер-Үй» 20 жылдан ашык улам колдон-колго өтүп олтуруп, олуттуу кемчиликтерге жол берилди. Эгерде иш пландалгандай нукта кеткенде 20 жыл мурда башталган ишибизден тыянак чыкмак. Экс-президенттердин тушунда тоо-кен байлыктарынын тегерегинде коррупциялык иштер тереңдеп кетип, андан арылуу азыр оорчулуктарды жаратып жатпайбы? Ушу тапта «Солтон-Сары» жана «Терек-Сайды» өз мүмкүнчүлүгүбүз, аракетибиз менен иштете баштадык. Демек, колубуздан зор иштер келет тура. Кыргызга сырттан эч ким күйбөйт, кыргызга кыргыз гана чын жүрөктөн күйөрүн унутпайлы!
Суроо: - Айтканыңызда калет жок. Бирок, кызыкдар инвесторлор менен жакшылап тил табышып, ири тоо-кен долбоорлорун биргелешип түзүп, жемибизди жедирбей иш жүзүнө ашырсак, жакшы эле болмоктур... «Кумтөр» чуусу сабак болор бекен?..