Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 10-февралындагы № АД-000326/14-МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 10-февралындагы токтому
Иш № АД-000326/14-МО
Көзөмөл өндүрүшү № 6-991/14 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Акматов Б.Дж.,
судьялар: Боронбаева Д.С., Токбаева А.А.,
соттук отурумдун катчысы: Ташиев А.,
тараптар: А.Абдилазизовдун өкүлдөрү - Н.Абдилазизованын, Э.Амадалиевдин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү - Т.Мурзакуловдун катышуулары менен
ачык соттук отурумда А.Абдилазизовдун Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 3-ноябрындагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл даттануусун карап,
Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 3-ноябрындагы аныктамасы менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 28-январындагы чечими өзгөртүүсүз, апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылган
(төрагалык кылган: М.Токтомушев, судьялар: Б.Мурзабеков - судья - баяндоочу, А.Абдылдаев).
Ош областтык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 28-январындагы чечими менен Абдулазизова Жамила Тешебаевнанын арызы канааттандырылган. Тоолос айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-июнундагы № 96 токтомунун 8-пункту кабыл алынган мезгилден тартып жараксыз деп табылган. Тоолос айыл өкмөтүнүн эсебинен мамлекеттик казына пайдасына 10 сом мамлекеттик алым жана 180 сом почта чыгымдары өндүрүлгөн
(судья: И.Махмудов),
ТАПТЫ:
Абдулазизова Жамила Ош областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Тоолос айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-июнундагы № 96 токтомун жараксыз деп табууну сураган.
Арызда, 1981-жылы Абдулазизов Махамаджан менен баш кошуп никеге турушкандыгы, жолдошу 1991-жылы каза болгондугу, балдары менен талашта турган үйдө жашап калгандыгы, системалык каттоо учурунда талаштагы турак-жай мыйзамдын талаптарын бузуу менен Тоолос айыл өкмөтү тарабынан 2002-жылдын 20-июнунда № 96 токтом менен Абдилазизов Артыктын жеке менчик укугуна бекитилип берилгендиги, аталган токтом менен арыз берүүчүнүн жана балдарынын укугу бузулгандыгын 2012-жылдын август айында райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан жана мамлекеттик архивден тиешелүү тактамаларды алганда билгендиги белгиленген.