Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди љткљрџп берџџ тартиби жана аларды сатып алуу эрежелери жљнџндљ» Жобо (Кыргыз Республикасынын Љкмљтџнџн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтому менен бекитилген) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 14-декабрындагы № 674
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди өткөрүп берүү тартиби жана аларды сатып алуу эрежелери жөнүндө
Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат орунун ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди өткөрүп берүү тартибин жана аларды сатып алуу эрежелерин аныктайт.
2. Белектер - бул мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган, тарыхый, көркөм, илимий, маданий же эстетикалык баалуулукка ээ болгон, жалпы көрүү үчүн багытталган буюмдар.
3. Төмөнкү буюмдар белек катары таанылбайт:
- протоколдук иш-чаралардын, кызматтык иш сапарлардын жана башка расмий иш-чаралардын чегинде ушул иш-чаралардын ар бир катышуусуна берилген кеңсе буюмдар (зергер буюмдардан, алтын жана күмүш менен алек болгон усталардын буюмдарынан жана кымбат баалуу металлдардын кооз оймолору басылган кымбат баалуу металлдардын жана металлдардын бөлүктөрүнөн, жаратылыш жана өстүрүлгөн берметтен, кымбат баалуу же жарым-жартылай кымбат баалуу металлдардан жасалган буюмдардан башка);
- ачык жана жабык кыртыштагы гүлдөр (кесилген жана карападагы);
- тез бузулма жана өзгөчө тез бузулма тамак-аш;
- мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга алар мамлекеттик же муниципалдык кызматты өтөп жаткан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же болбосо жогору турган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же уюмунун атынан дем берүү (сыйлоо) катары берилген баалуу белектер;
- кесиптештер тарабынан иш сапарга байланыштуу берилген жана наркы он эсептик көрсөткүчтөн ашпаган белектер;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орунун ээлеген адамга жекече берилген белектер.
2. Алынган белектер жөнүндө билдирүү жана сактоого берүү тартиби, сатып алуу эрежелери