Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу чљйрљсџндљ кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Љкмљтџнљ караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кипр Республикасынын Кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга каршы аракеттенџџ боюнча бљлџмџнџн (МОКАС) ортосундагы љз ара тџшџнџшџџ жљнџндљ» Меморандум долбоору (2016-жылдын 13-январы) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кипр Республикасынын Кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн (МОКАС) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө
Меморандум
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-январындагы № 5-б буйругу менен макулдук берилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кипр Республикасынын Кылмыпггуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча бөлүмү (МОКАС) мындан ары «Тараптар» деп аталышып,
кызматташтыкты жана өз ара кызыкчылыкты каалап, ошондой эле өз ара жактыруучулук принцибинин негизинде жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын алкагында.
кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашууга көмөк көрсөтүү үчүн,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишишти:
1-берене
Тараптар кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды топтоодо, иштеп чыгууда жана талдоодо кызматташышат. Бул максатта Тараптар өз демилгеси боюнча же суроо-талап боюнча кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, предикаттык кылмьпптар жана терроризмди каржылоо, ошондой эле ага тартылган жеке жана юридикалык жактар менен байланышкан финансылык операцияларды Тараптардын иштеп чыгуусуна же маалыматтарды талдоосуна же иликтөөсүнө тиешеси болушу мүмкүн болгон колдо болгон же алынган маалыматтардын кеңири спектри менен алмашууну жүзөгө ашырышат.
2-берене
Тараптар суроочу Тараптын атынан суроо-талаптарды аткарат жана өлкө ичинде мындай суроо-талаптарды алууга мүмкүн болгон бардык маалыматтарды беришет. Ошону менен бирге эле Тараптар төмөнкүлөрдү беришет:
2.1. жеткиликтүү же түз же кыйыр алынган бардык керектүү маалыматты: бул ошону менен бирге эле Тараптар өзүнүи ички талдоосу үчүн алууга укуктуу болгон маалыматты өз ичине камтыйт;
жана
2.2. улуттук деңгээлде алар алууга укуктуу же алар алууга түз же кыйыр мүмкүндүгү бар ар кандай башка маалыматтарды.
3-берене