Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 4-апрелиндеги № АД-103/15 МТ токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 4-апрелиндеги токтому
Иш № АД-103/15 МТ
Көз. өнд. № 6-279/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Аманалиева Б.К.,
судьялар: Акматов Б.Дж., Джумашов К.О.,
сот отурумунун катчысы: Жаныбек уулу Адил,
тараптардан: О.Алымкуловдун, К.Куланбаевдин катышуусунда,
соттук ачык отурумда К.Куланбаевдин Талас облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 19-майындагы чечимине жана Талас облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 24-августундагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл тартибинде даттануусун карап чыгып,
Талас облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 19-майындагы чечими менен О.Алымкуловдун өтүп кеткен сотко арыз берүү мөөнөтү калыбына келтирилген. Арыз канааттандырылган. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 217 токтому жана Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын 2008-жылдын 3-сентябрындагы сериясы Ч № 038010 жер участогуна убактылуу пайдалануу укугуна болгон күбөлүгү жараксыз деп табылган. Ак-Дөбө айыл өкмөтү жана Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан ортоктош мамлекеттин пайдасына 1000 сом мамлекеттик алым жана 364 сом почталык чыгым өндүрүлгөн
(судья: Бекмурзаев А.Т.),
Талас облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 24-августундагы аныктамасы менен Талас облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 19-майындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган. Апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган. К.Куланбаевден мамлекетин пайдасына 500 сом мамлекеттик алым, соттук чыгымдар үчүн 200 сом өндүрүлгөн
(төрагалык кылган: Калиева К., судьялар: Абдиева З., Токтосун уулу К. - баяндамачы - судья),
ТАПТЫ:
О.Алымкулов Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-декабрындагы № 217 токтомун жана Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын 2008-жылдын 3-сентябрындагы сериясы Ч № 038010 жер участогуна убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы менен сотко кайрылган. Ошону менен бирге, О.Алымкулов сотко кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүч келтирген.