Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдљљ жљнџндљ љз ара тџшџнџшџџ тууралуу» Меморандум долбоору (2016-жылдын 31-октябры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу
Меморандум
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31-октябрындагы № 469-б буйругу менен макулдук берилген
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (мындан ары - «Кыргыз тарабы») жана Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги (мындан ары - «Кытай тарабы») (чогуу алганда «Тараптар» деп аталат),
эки мамлекеттин башчылары тарабынан жетишилген соода-экономикалык макулдашууларды ишке ашыруу максатында,
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин бекемдөө боюнча өз ара кызыкчылыктарына таянып,
2014-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Улуу жибек жолунун экономикалык алкагын куруу боюнча биргелешкен кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы протоколдун ишке ашырылышын тереңдетүү ниетинде,
соода-экономикалык, инвестициялык, өндүрүштүк-техникалык чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Бул Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун (мындан ары - «Меморандум») алкагындагы кызматташтык тең укуктуулук жана өз ара пайдалуу принциптеринин негизинде ишке ашырылат.
Тараптар эки өлкөдө туруктуу экономикалык өсүштү колдоого, эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды өстүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ишканаларынын өндүрүштүк кооперациясын бекемдөөгө бардык күч-аракеттерин жумшашат.
2-берене.
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин алкагында Тараптар экономикалык өнүктүрүү стратегияларын айкаштыруу, соода-экономикалык жана инвестициялык саясат боюнча маалымат алмашуу жаатында тармактык кызматташууну бекемдөөгө макулдашты.
3-берене.
Тараптар соода чөйрөлөрүн кеңейтүү, соода түзүмүн акырындык менен оптималдаштыруу жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу эки тараптуу сооданы туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.