Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 24-августундагы № АД-000141/15-МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 24-августундагы токтому
Иш № АД-000141/15-МО
Көзөмөл өндүрүшү № 6-622/15 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу Джумашов К.О.,
судьялар: Акматов Б.Дж., Арапбаев Н.М.,
катчы Мукамбеталиев У.,
тараптар: А.Шербаев, Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын өкүлү Кожонов К. (2015-жылдын 24-августундагы ишеним кат), Бел айыл өкмөтүнүн өкүлү М.Абдазов (2015-жылдын 12-августундагы ишеним кат), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Э.Торомаматовдун (2015-жылдын 24-июлундагы ишеним кат) катышуулары менен ачык соттук отурумда Ош областтык прокуратурасынын Ош областынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 26-мартындагы аныктамасына, Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 22-майындагы токтомуна карата келтирилген көзөмөл сунушун карап,
Ош областынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 26-мартындагы аныктамасы менен Ноокат райондук прокуратурасынын Бел айыл өкмөтүнө, Ноокат райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына, А.Шербаевге карата Бел айылдык Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 38 сандуу протоколун, Бел айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы № 111 сандуу токтомун, Ноокат райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан берилген 2009-жылдын 17-февралындагы сериясы Ч№ 190745 сандуу жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы кароосуз калтырылган.
(Төрагалык кылган Кулакматов Б.О.)
Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 22-майындагы токтому менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 26-мартындагы аныктамасы күчүндө, кассациялык сунуш канааттандыруусуз калтырылган.
(Төрагалык кылган Каримова Р.А., судьялар Мурзабеков Б.Т., Эгембердиева А.У.)
ТАПТЫ:
Ноокат райондук прокуратурасы Бел айылдык Кеңешине, Бел айыл өкмөтүнө, Ноокат райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына карата Бел айылдык Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 38 сандуу протоколун, Бел айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы № 111 сандуу токтомун, Ноокат райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын 2009-жылдын 17-февралындагы сериясы Ч№ 190745 сандуу жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы менен Ош областынын райондор аралык сотуна кайрылган.
Соттор тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылар кабыл алынган.