Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Љкмљтџ менен Азербайжан Республикасынын Љкмљтџнџн ортосундагы Аба катнашы жљнџндљ» Макулдашуу долбоору (2015-жылдын 4-июну) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө
Макулдашуу
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-июнундагы № 240-б буйругу менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары «Макулдашуучу тараптар» деп аталышат);
1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын катышуучулары болушкандыктан;
алардын мамлекеттеринин тиешелүү аймактарынын ортосунда аба катнашын түзүү максатында Макулдашуу түзүүнү каалашып;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
а) «Чикаго конвенциясы» - 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана ага Чикаго конвенциясынын 94 жана 90-беренелерине ылайык Макулдашуучу тараптардын ар бири үчүн күчүнө кирүүчү бардык оңдоолорду жана толуктоолорду камтыйт;
б) «авиациялык бийликтер» - Кыргыз Республикасына карата - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Азербайжан Республикасына карата - Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик жарандык авиация администрациясын же эки Макулдашуучу тарапка карата - милдеттерди аткарууга ыйгарым укук берилген башка органды, азыркы убакта жогоруда көрсөтүлгөн Министрлик менен Мамлекеттик жарандык авиация администрациясын билдирет;
в) «дайындалган авиакомпания» - ушул Макулдашуунун 4-беренесине ылайык дайындалган жана ыйгарым укук берилген авиакомпанияны билдирет;
г) «аймак» - Макулдашуучу тараптарга карата Чикаго конвенциясынын 2-беренесинде аныкталган мааниге ылайык келет;
д) «Макулдашуучу тараптардын аймактары» - Кыргыз Республикасынын аймагын жана Азербайжан Республикасынын аймагын билдирет;
е) «аба ташуулары», «эл аралык аба ташуулары», «авиакомпания» жана «коммерциялык эмес максаттар менен токтоо» түшүнүктөрү Чикаго конвенциясынын 96-беренесинин а), b), с), d) пункттарында камтылган терминдер билдирген маанилерди түшүндүрөт;
ж) «ушул Макулдашуу» - ушул Макулдашууну, ошондой эле анын Тиркемесин жана оңдоолорун билдирет;
з) «тариф» түшүнүгү төмөнкүлөрдү билдирет:
(1) жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү (почталарды кошпогондо) ташуу үчүн аныкталган бааны;