|
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 31-октябрындагы № АД-43/16-МТ токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 31-октябрындагы токтому
Иш № АД-43/16-МТ
Көзөмөл өндүрүшү № 6-809/16 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Аманалиева Б.К.,
судьялар: Мухамеджанов А.Ж., Акматов Б.Дж.,
сот отурумунун катчысы: Жаныбек уулу Адил,
тараптар: Кебекбаев А.А., анын өкүлү Кебекбаев М.А. 2016-жылдын 26-майындагы ишеним каттын негизинде, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Төрөмаматов Э.К. 2016-жылдын 19-июлундагы № 10-7-16 ишеним каттын негизинде,
ачык соттук отурумда Талас облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 11-июлундагы аныктамасына карата келтирилген А.А.Кебекбаевдин көзөмөл даттануусун карап, ал аныктама менен Талас облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 17-майындагы аныктамасы жокко чыгарылып, Талас облусунун прокурору Н.Курманакуновдун арызы канааттандырылып, сотко арыз менен кайрылуу мөөнөтү калыбына келтирилип берилген. Иш соттук кароого ошол эле сотко жиберилген. Талас облустук прокуратурасынын жеке сунушу канааттандырылган
(төрагалык кылуучу: Калиева К.Дж. - баяндамачы, судьялар: Абдиева З.М., Жамангулов Ж.Ж.).
Талас облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 17-майындагы аныктама менен арыз ээси Талас облустук прокуратурасынын өтүп кеткен сотко кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган. Арыз ээси Талас облустук прокуратурасынын Акназаров айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучу О.Уметкуловдун 2011-жылдын 9-мартында кабыл алынган № 22 токтомун жана Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2011-жылдын 21-апрелинде берилген жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү Ч сериясындагы № 310334 мамлекеттик актысын жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган
(төрагалык кылуучу: Нартаев Н.К.).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Б.Акматовдун баяндамасын угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Талас облусунун прокуратурасы Талас облусунун райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Акназаров айылдык округунун 2011-жылдын 9-мартындагы № 22 токтомун жана Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2011-жылдын 21-апрелинде берилген жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү Ч сериясындагы № 310334 мамлекеттик актысын жокко чыгаруу жөнүндө сураган.