Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 14-мартындагы № АД-135/16 MT токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 14-мартындагы токтому
Иш № АД-135/16 MT
Көзөмөл өндүрүшү № 6-205/17 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу судья: Мухамеджанов А.Ж.,
судьялар: Боронбаева Д.С., Аманалиева Б.К.,
сот отурумунун катчысы: Абышов Б.,
ишке катышуучу жактар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү - Э.К.Төрөмаматовдун (2016-жылдын 19-июлундагы ишеним каттын негизинде), «Тарап-1» өкүлү - Б.А.Жунусалиевдин (2017-жылдын 10-февралындагы ишеним каттын негизинде) катышууларында,
ачык соттук отурумда Талас облустук прокуратурасынын Талас облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 6-июлундагы аныктамасына, Талас облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 20-декабрындагы аныктамасына карата берилген көзөмөл сунушун карап,
ТАПТЫ:
Кара-Буура райондук прокуратурасы сотко арыз менен кайрылып, анда Тарап-2 2013-жылдын 16-апрелиндеги 21 сандуу токтомун, «Тарап-1» тарабынан берилген XY сандуу жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктү жараксыз деп табууну жана жер участокту «Тарап-2» кайтарууну сураган.
Арыз менен бирге Кара-Буура райондук прокуратурасы сотко арыз берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч келтирип, анда аталган арыз менен алгач сотко 2015-жылдын 11-ноябрында кайрылып, бирок Талас облусунун райондор аралык сотунун 2015-жылдын 22-декабрындагы аныктамасы менен кароосуз калтырылгандыгын көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-статьясынын негизинде өтүнүчтү канааттандырууну сураган.
Талас облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 6-июнундагы аныктамасы менен Кара-Буура райондук прокуратурасынын сотко арыз берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган. Кара-Буура райондук прокуратурасынын Тарап-2 2013-жылдын 16-апрелиндеги 21 сандуу токтомун, «Тарап-1» тарабынан берилген XY сандуу жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктү жараксыз деп табуу жана жер участокту «Тарап-2» кайтаруу жөнүндөгү арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган.
Талас облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 20-декабрындагы аныктамасы менен Талас облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 6-июнундагы аныктамасы өзгөртүүсүз, апелляциялык сунуш канааттандыруусуз калтырылган.