Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Салык отчетун берџџ, КНС жана акциз салыгын тљлљљ тартиби» |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. Если вы не получили SMS с pin-кодом, звоните в абонентскую службу компании "Wooppay" по телефонам
+7 7212 981090 круглосуточно 24/7, и в службу поддержки +7 7172 795004, +7 7273 441414.
По остальным вопросам обращайтесь в компанию "ИнфоТех&Сервис" по тел.: +7 (727) 222-21-01
<< Назад
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
Салык отчетун берүү, КНС жана акциз салыгын төлөө тартиби
КНС төлөөчү болуп, салык салынуучу субъект, ошондой эле салык салынуучу импортту жүзөгө ашыруучу субъект эсептелет.
Салык салынуучу субъект болуп, салык кызмат органдарында Салык кодексине ылайык КНС төлөөчү катары катталган же каттоого милдеттүү субъект эсептелет.
КНС төлөөчү катары катталган субъект - бул салык органы тарабынан берилген каттоо документи (DOC STI - 002) бар субъект.
КНС төлөөчү катары салык кызмат органдарында каттоого милдеттүү субъект - бул ырааттуу 12 айдын же болбосо ырааттуу 12 айга жетпеген мөөнөттүн ичинде наркы КНС боюнча каттоо чегинен ашкан товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирүүнү жүзөгө ашырган субъект.
Салык салынуучу импортту жүзөгө ашырган субъект - бул салык салынуучу субъект жана КНС төлөөчү катары катталбаган же каттоого милдеттүү эмес субъект.
Акциз салыгын төлөөчү болуп Кыргыз Республикасынын аймагындагы акцизделчү товарларды, анын ичинде иштетип алма негизинде өндүргөн жана/же Кыргыз Республикасынын аймагына акцизделчү товарларды импорттогон субъект эсептелет.
I. КНС төлөөчү катары катталбаган же каттоого милдеттүү эмес субъект тарабынан отчет берүү, КНС жана акциздик салыкты төлөө тартиби
КНС төлөөчү катары катталбаган же каттоого милдеттүү эмес субъект Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттерден (мындан ары - ЕАЭБ) товарды импорттоодо, төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кыйыр салык боюнча отчетту (FORM STI - 123) тийиштүү документтердин тиркемелери менен салыктык каттоо орду боюнча салык органына көрсөтүүгө;
2) импортко КНС жана/же импортко акциздик салыкты (маркирленбөөчү акцизделчү товарларды импорттоо учурунда) отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20-күнүнөн кеч эмес мөөнөттө төлөөгө.
КНС төлөөчү катары катталбаган же каттоого милдеттүү эмес субъект ЕАЭБ мүчө-мамлекетине товарларды экспорттоодо, салыктык каттоо орду боюнча салык органына, ал тарабынан өндүрүлгөн акциздик товарлар экспорттолгон учурдагы тийиштүү документтердин тиркемелери менен акциздик салык боюнча (FORM STI - 070) отчётту гана көрсөтүүгө милдеттүү.