Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 25-майындагы № АД-187/14 МБА токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 25-майындагы токтому
Иш № АД-187/14 МБА
Көзөмөл өндүрүшү № 6-356/15 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: судья Токбаева А.А.,
судьялар: Мухамеджанов А.Ж., Арапбаев Н.М.,
катчы: Абышов Б.К.,
тараптар: М.Тешебаев жана анын өкүлү Колдошов А. (2015-жылдын 28-апрелиндеги ишеним кат), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Мурзакулов Т.Б. (2014-жылдын 20-июнундагы ишеним кат) катышуулары менен,
ачык соттук отурумда М.Тешебаевдин Баткен областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 22-сентябрындагы чечимине, Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы аныктамасына карата көзөмөл иретиндеги даттануусун карап,
Баткен областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 22-сентябрындагы чечими менен Баткен райондук прокуратурасынын арызы толугу менен канааттандырылган. Баткен шаар башкармасынын 2000-жылдын 21-ноябрындагы № 11-59 сандуу токтому, 2005-жылдын 1-июнундагы № 6-165 сандуу токтому жана Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасы тарабынан М.Тешебаевдин атына 2004-жылдын 3-февралында 0,05 га жер участогуна 8-01-01-0001-1131 идентификациялык коду менен катталган мамлекеттик каттоо жараксыз деп табылган. Мамлекет пайдасына Баткен шаарынын мэриясынан 1000 сом, Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан 1000 сом өлчөмүндө мамлекеттик алым өндүрүлгөн
(Төрагалык кылган: Туленбаев Т.А.),
Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы аныктамасы менен Баткен областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 22-сентябрындагы чечими өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган. М.Тешебаевден 250 сом соттук чыгым мамлекет пайдасына өндүрүлгөн
(Төрагалык кылган: Толубаева У.М., судья: Түмөнов А.Ж., судья-баяндамачы: Айжигитов Б.А.),
ТАПТЫ:
Баткен райондук прокуратурасы Баткен шаар башкармалыгынын 2000-жылдын 21-ноябрындагы № 11-59 жана 2005-жылдын 1-июнундагы № 6-165 сандуу токтомдорун, Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан М.Тешебаевдин атына 2004-жылдын 3-февралында 0,05 га жер участогуна 8-01-01-0001-1131 идентификациялык коду менен катталган мамлекеттик каттоону жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы менен Баткен областынын райондор аралык сотуна кайрылган.
Арызда төмөндөгү жагдайлар белгиленген.