Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Жерди пайдалануу чљйрљсџндљ Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына љзгљртџџлљрдџ киргизџџ жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2015-жылдын 27-октябры) (кабыл алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 756 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 422-VI токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-июнундагы № 757-VI токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган; 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 1486-VI токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мыйзамы менен кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьяда:
1) 3-2-пунктчасы төмөнкүдөй редакциада баяндалсын:
«3-2) коомдук муктаждыктар - коргоону жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруу, пайдалуу казылмаларды иштетүү, айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылуу, шаардык парктарды, эс алуу аянтчаларын куруу, белгиленген тартипте бекитилген шаар куруу документацияларын ишке ашыруу, ошондой эле:
- жылуулук жана суу менен жабдуу, энергетикалык, инженердик, жол-транспорт инфратүзүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын статусун жана коргоону камсыз кылуучу;
- өзгөчө корголуудагы жаратылыш аймактарындагы объекттерди жайгаштыруу жана тейлөө менен байланышкан муктаждыктар;»;
2) 22-пунктундагы «мыйзам» деген сөз «ченемдик укуктук» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 23-1-пунктчасындагы «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын» деген сөздөр алып салынсын.
2. 12-статьянын 3-пунктунда «жол берилбейт» деген сөздөрдөн мурун «, жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу казылмаларды иштетүү жана инфратүзүмдүн объекттерин куруу үчүн берилген жер участокторун берген учурларды кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын.
3. 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Облустук маанидеги шаарлардын мэриялары:
1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө же жердин башка категориясына которот, тең баалуу айыл чарба жерлеринин түрлөрүн - бир түрүнөн экинчи түрүнө которот;