Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 23-январындагы № АД-000850/14 МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 23-январындагы токтому
Иш № АД-000850/14 МО
Көзөмөл өндүрүшү № 06-929/14 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу судья: Осмоналиев К.Т.,
судьялар: Акматов Б.Дж., Мухамеджанов А.Ж.,
сот отурумунун катчысы: Б.Абышов,
тараптардын: Г.Курбанованын, «Ошоблтипография» ачык акционердик коомунун өкүлдөрү Ж.Доорановдун, М.Маматалиевдин катышуулары менен,
соттун ачык отурумунда Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 20-майындагы чечимине, Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 20-августундагы аныктамасына карата «Ошоблтипография» ачык акционердик коомунун келтирген көзөмөл даттануусун карап,
Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 20-майындагы чечими менен доогер Курбанова Гульнара Тохтобаевнанын доо арызы канааттандырылган.
«Ошоблтипография» ачык акционердик коомунун 27-ноябрь 2011-жылдагы № 2-протоколу менен алынган чечим кабыл алынган күндөн жараксыз деп табылган.
«Ошоблтипография» ачык акционердик коомунда 20,07% акциясы бар акционер Курбанова Гульнара Тохтабаевнага таандык болгон акционердик үлүштү бөлүп берүү «Ошоблтипография» ачык акционердик коомуна милдеттендирилген.
«Ошоблтипография» ачык акционердик коомунан республикалык бюджетке 1000 (бир мин) сом мамлекеттик алым, 230 (эки жүз отуз) сом почта чыгымы өндүрүлгөн.
(судья: Пирматов К.А.),
Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 20-августундагы аныктамасы менен Ош областынын райондор аралык сотунун 20-май 2014-жылдагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган.
«Ошоблтипография» ачык акционердик коомунан мамлекеттин казынасына 500 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн.
М.Маматалиевдин апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылган
(төрагалык кылган: Мадмаров Э.А., судьялар: Аширбаев И.М., Масабирова Г.Ж.)
ТАПТЫ:
Г.Курбанова «Ошоблтипография» ачык акционердик коомуна карата «Ошоблтипография» ачык акционердик коомунун (мындан кийин текст боюнча Коом) директорлор кеңешинин 2011-жылдын 27-ноябрындагы отурумунда кабыл алынган 2-протоколун мыйзамсыз деп таап, «Ошоблтипография» ачык акционердик коомунда 20,07% мүлкүн Г.Курбановага бөлүп берүү жөнүндөгү арызы менен сотко кайрылган.