Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 26-январындагы № АД-162/14 МД токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 26-январындагы токтому
Иш № АД-162/14 МД
Көзөмөл өндүрүшү № 6-998/14 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Осмоналиев К.Т.,
судьялар: Мухамеджанов А.Ж., Арапбаев Н.М.,
катчы: Ташиев А.,
«Бай-Түшүм» Банкы жабык акционердик коомунун өкүлү Б.Джандаевдин (2014-жылдын 29-декабрындагы ишеним кат) катышуусу менен ачык соттук отурумда «Бай-Түшүм» Банкы жабык акционердик коомунун Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 5-ноябрындагы токтомуна карата көзөмөл даттануусун карап, ал токтом менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 2-августундагы аныктамасы бузулуп, иш кайра кароого ошол эле сотко жөнөтүлгөн. Кассациялык даттануу канааттандырылган.
(Төрагалык кылган: Алаев М.А. судья-баяндамачы, судьялар: Токтогулова Г.Т., Абдраимов А.Ж.)
Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 2-августундагы аныктамасы менен арыз берүүчү Нишанова Айжаркын Бекташовнанын арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган.
(Төрагалык кылган: Айжигитов А.А.).
ТАПТЫ:
Нишанова А. Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна Жалал-Абад шаардык соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн 2014-жылдын 20-мартындагы жоопкердин кызмат акысына өндүрүп алууну буруу тууралуу токтомун жараксыз деп таап берүү жөнүндө арызы менен кайрылып, анда жолдошу Касимов Казыбек «Бай-Түшүм» Банкы жабык акционердик коомунан 68 774, 98 сом насыя алгандыгын, алынган насыяга карата кепилдик келишими түзүлүп, анда өзү жана жолдошунун агасы Касимов Каныбек кепил болуучу катарында кол койгондуктарын, бүгүнкү күндө жолдошу менен жашабагандыгын жана жолдошу алган насыяны төлөбөстөн Россия Федерациясынын жарандыгын алып, ошол жакта жашагандыгын, алынган насыя төлөнбөгөндүктөн, банктын доо арызынын негизинде Сузак райондук сотунун 2013-жылдын 22-июлундагы чечими менен жолдошу Касимов Казыбектен 68 774, 98 сом өндүрүлгөндүгүн, жолдошу Россия Федерациясында жүргөндүгүнө байланыштуу, соттун чечимин аткаруу максатында сот аткаруучу анын эмгек маянасынан 50% кармоо жөнүндө талаш токтом кабыл алып, көчүрмөсүн иштеп жаткан Жалал-Абад областтык ооруканасына жибергендигин, бул талаш токтом тууралуу 2014-жылдын 13-июнунда билгендигин белгилеген.