Поиск 
Введите текст для поиска, например, Налоговый кодекс Украины
Найти
Кодексы бесплатно      
<< Назад
Далее >>
0
0
Два документа рядом (откл)
Сохранить(документ)
Распечатать
Копировать в Word
Скрыть комментарии системы
Информация о документе
Информация о документе
Поставить на контроль
В избранное
Посмотреть мои закладки
Скрыть мои комментарии
Посмотреть мои комментарии
Сравнение редакций
Увеличить шрифт
Уменьшить шрифт
Корреспонденты
Респонденты
Сообщить об ошибке

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 21-январындагы № АД-135/2014 МБа токтому

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
Получить полный доступ к документу
Вход для пользователей
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 21-январындагы № АД-135/2014 МБа токтому
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.

Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
Контактный телефон: +7 (495) 972-24-02, email: info@continent-online.com
  • Поставить закладку
  • Посмотреть закладки
  • Добавить комментарий

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 21-январындагы токтому

 

Иш № АД-135/2014 МБа

Көзөмөл өндүрүшү № 6-906/14 АД

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:

төрагалык кылуучу: Осмоналиев К.Т.,

судьялар: Арапбаев Н.М., Джумашов К.О.,

сот отурумунун катчысы: Абышов Б.,

тараптардын: «Канатбек» ЖЧКунун жетекчиси К.Жороев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Т.Мурзакуловдун (2014-жылдын 20-июнундагы ишеним каттын негизинде) катышуусунда, соттук ачык отурумунда Баткен областынын прокуратурасынын Баткен областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 22-июлундагы чечимине жана Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 18-сентябрындагы аныктамасына карата келтирген көзөмөл тартибиндеги сунушун карап чыгып,

Баткен областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 22-июлундагы чечими менен «Канатбек» жоопкерчилиги чектелген коомунун арызы толугу менен канааттандырылган. Исфана шаардык мэриясы «Канатбек» жоопкерчилиги чектелген коомуна Исфана шаарында жайгашкан кыш заводунун астындагы 0,17 га жер участкасын берүү маселесин карап, мыйзам чегинде чечип берүү жагы милдеттендирилген. Исфана шаардык мэриясынан мамлекет пайдасына 1000 сом өлчөмүндө мамлекеттик алым өндүрүлгөн

(төрагалык кылуучу: Абдугапаров А.А.).

Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 18-сентябрындагы аныктамасы менен Баткен областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 22-июлундагы чечими өзгөртүүсүз, апелляциялык сунуш канааттандыруусуз калтырылган. «Канатбек» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору К.Жороевден 160 сом соттук чыгым мамлекет пайдасына өндүрүлгөн

(төрагалык кылган жана баяндамачы-судья: Толубаева У.М., судьялар: Түмөнов А.Ж., Айжигитов Б.А.),

 

ТАПТЫ:

 

«Канатбек» жоопкерчилиги чектелген коому Исфана шаардык мэриясына карата Исфана шаардык мэриясын Исфана шаарында жайгашкан кыш заводунун астындагы 0,17 га жер участогун «Канатбек» жоопкерчилиги чектелген коомуна берүү маселесин мыйзам чегинде карап чечүүгө милдеттендирүү жөнүндөгү арызы менен сотко кайрылган. Арызды төмөндөгүдөй негиздейт.

Исфана шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги XVII сессиясынын 2011-жылдын 31-мартындагы № 17-7 сандуу токтомунун негизинде «Канатбек» ЖЧКуна Исфана шаарынын аймагынан кыш завод курууга уруксат берилген.

Аталган токтомдун негизинде доогер Исфана шаарынын аймагында мурда кыш заводунун ордуна 0,17 га жер участкасына кыш заводун курган.