Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Билим берџџнџн сапатын башкаруу системасын киргизџџ керек» (2015-жылдын 27-февралы) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Билим берүүнүн сапатын башкаруу системасын киргизүү керек
Республикадагы жогорку окуу жайлардын эки баскычтуу билим берүүгө өткөнүнө үч жылга жакындап калды. Бирок Болон процессинин принциптеринде адистер даярдалып жатканы менен бул тармакта дагы эле чечилбей жаткан маселелер арбын экендигин, озгочо Мамлекеттик стандартты кайрадан иштен чыгуу, окуу пландарын түзүү маселеси орчундуу болуп жатканын эксперттер, ЖОЖ жетекчилери айтып келет. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Дуйшеналиев Туратбек Мамлекеттик стандартты иштеп чыгууда эске алына турган жагдайлар жана жогорку билимдин сапатын арттыруу үчүн кандай кадамдарга баруу керектигин «Кутбилимге» берген маегинде айтып берди.
Туратбек Дуйшеналиев:
Суроо: - Туратбек Болотбекович, Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында ЖОЖдор Болон процессине толук өткөнү менен бир катар проблемалар жаралып жатканын, билимдин сапатын арттыруу үчүн тез арада Мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгын айтып, адистиктерге жараша айрым сабактардын саатын кыскартуу сунушун киргиздиңиз эле.
Жооп: - Учурда бул жогорку билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелердин бири болууда. Биздин окуу жай дагы башка окуу жайлардай эле 2012-жылы эки баскычтуу билим берүүгө толук өткөн. Бирок ага чейин эле Кыргыз-Герман техникалык институту толук бойдон Болон процессинин принциптери менен адистерди даярдап келе жаткан. Андан сырткары машина куруу технологиясы, электр энергетика багытындагы айрым адистиктер пилоттук негизде эки баскычтуу билим берүүгө өтүп, иштеп жаткан. Ошондо биздин окуу жайды он жылдан ашуун убактан бери топтогон тажрыйбасы бар окуу жай десек болот. Мен ошол он жылдык тажрыйбага таянып бул проблеманы көтөрүп жатам. Себеби бизде гана эмес башка жогорку окуу жайлардын баардыгында беш жылдык программаны бакалаврдын төрт жылдык программасына сыйдырып салдык дагы, ошол жүктөм менен студенттерди окутуп жатабыз. Ал биринчи эле студенттерге ашыкча жүк болуп калды. Мисалы, бир семестрде он бир, он эки экзамен тапшырып жатышат. Бул албетте, студент үчүн абдан оор. Өзгөчө татаал сабактарды студенттер өздөштүрө албай калышты. Анан алар эптеп окууну бүтүштүн айласын табыш үчүн ар кандай кадамдарга бара башташты. Натыйжада коррупцияга жол ачылды.