Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана љзгљртџџлљрдџ киргизџџ жљнџндљ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2015-жылдын 19-февралы) (сурап алынган) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-февралындагы № 74 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Өкмөтүнүн 2016.25.02. № 85 токтомуна ылайык кайра сурап алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-бер.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 35-главанын аталышындагы «Педагогика кызматкерлеринин» деген сөздөр «Педагогикалык жана илимий кызматкерлердин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 378-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«378-статья. Билим берүүчү уюмдардын жана илимий мекемелердин кызматкерлери менен эмгек келишими
Билим берүүчү уюмдардагы жана илимий мекемелердеги илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлердин кызмат орундарын ээлөө бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими боюнча жүргүзүлөт.
Билим берүүчү уюмдардагы жана илимий мекемелердеги илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкердин кызмат орундарын ээлөөгө, анын ичинде илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкердин кызмат ордуна которууга байланыштуу эмгек келишимин түзүү ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо тиешелүү кызмат ордун ээлөөгө конкурс боюнча тандоо менен коштолот.
Кызмат ордун ээлөөгө конкурс төмөнкү кызмат орундарына карата өткөрүлбөйт:
- жогорку кесиптик билим берүүнүн жана илимий мекемелердин мамлекеттик уюмдарынын жетекчилерине;
- факультеттин деканына жана кафедра башчысына;
- кош бойлуу аялдар ээлеген илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлерге;
- үч жашка чейинки балдары бар аялдар ээлеген илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлерге;
- айкалыштырып иштөө боюнча ишке же түзүлүүчү билим берүү уюмуна же илимий мекемеге кабыл алууда окумуштуулар (илимий, педагогикалык, методикалык) кеңеши ишин баштаганга чейин илимий, илимий-педагогикалык жана педагогикалык кызматкерлерге - бир жылдан ашпаган мөөнөткө жана мыйзамга ылайык жумуш орду сакталуучу убактылуу иштебеген кызматкердин ордун ээлөө үчүн - ушул кызматкер жумушка чыкканга чейин.