Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Љкмљтџ менен Сауд Аравия Королдугунун Љкмљтџнџн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын тљлљљдљн качууну болтурбоо жљнџндљ Макулдашуу (Эр-Рияд шаары, 2014-жылдын 2-декабры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу
жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө
Макулдашуу
(Эр-Рияд шаары, 2014-жылдын 2-декабры)
КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 168 Мыйзамы менен ратификацияланган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү;
кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу түзүүнү каалап,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар
1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин, анын саясий жана административдик бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү органдарынын атынан, аларды алуунун усулдарына карабастан, киреше салыктарына карата колдонулат.
2. Кирешеге салык деп кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү ажыратуудан алган пайдага салыкты, ишкана төлөгөн эмгек акынын же маянанын жалпы суммасынан салыкты, ошондой эле капиталдын өсүшүнөн алынган кирешеден алынган салыкты кошкондо, кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин элементтеринен алынуучу бардык салыктар эсептелинет.
3. Ушул Макулдашуу колдонула турган салыктар деп төмөнкүлөр саналат:
a) Кыргыз Республикасында:
- юридикалык жактардын пайдасына салык;
- жеке жактардан алынуучу киреше салыгы (мындан ары «Кыргызстандын салыктары» деп аталат);
b) Сауд Аравия Королдугунда:
- зекет (муктаж болгон мусулмандардын пайдасына салык);
- жаратылыш газын инвестициялоого салыкты кошо алганда, пайдага салык (мындан ары «Сауд Аравия салыктары» деп аталат).
4. Бул Макулдашуу ошондой эле толуктоо катары же колдонуудагы салыктардын ордуна бул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин алына турган ар кандай окшош же мааниси боюнча ушул сыяктуу салыктарга да колдонулат. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары алардын тиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизилген ар кандай олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлоого тийиш.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Ушул Макулдашуунун максаты үчүн эгер контекстте башкача келип чыкпаса:
a) «Кыргызстан» деген термин Кыргыз Республикасынын аймагын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда «Кыргызстан» деген термин анда Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан жана анда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуучу аймакты билдирет;