Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 24-декабрындагы № АД-000300/14 МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
 | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 24-декабрындагы токтому
Иш № АД-000300/14 МО
Көзөмөл өндүрүш № 6-923/14 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Аманалиева Б.К.,
судьялар: Боронбаева Д.С., Джумашов К.О.,
сот отурумунун катчысы: Бекенов Т.,
тараптардан Х.Парматованын өкүлү С.Аманов (2013-жылдын 6-ноябрындагы ишеним каттын негизинде), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Т.Мурзакуловдун (2014-жылдын 20-июнундагы ишеним каттын негизинде) катышуусу менен,
соттун ачык отурумунда Х.Пирматованын Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 29-сентябрындагы токтомуна карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап, ал токтом менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 11- декабрындагы аныктамасы толугу менен алып салынып, иш кайра кароого ошол эле сотко жиберилген. 2007-жылдын 3-октябрындагы № 1516 мыйзам боюнча мурас укугу жөнүндө күбөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо талабы өз алдынча өндүрүшкө бөлүнүп Ноокат райондук сотуна жиберилген. Кассациялык тартиптеги жеке сунушу канааттандырылган,
(төрагалык кылган: Кубатов А.Э., судья: Аширбаев И.М., баяндамачы-судья: Салиев К.А.)
Ош областынын райондор аралык сотунун 2013-жылдын 11-декабрындагы аныктамасы менен Ноокат райондук прокуратурасынын Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2003-жылдын 10-ноябрындагы № 157 сандуу токтомун жана Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасы тарабынан 2007-жылдын 12-октябрында берилген № 117562 сандуу мамлекеттик актысын жана 2007-жылдын 7-октябрындагы № 1516 сандуу мыйзам боюнча мурастоо жөнүндөгү күбөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы боюнча сот иши өндүрүштөн токтотулган,
(төрагалык кылган: Кулакматов Б.О.)
ТАПТЫ:
Ноокат райондук прокуратурасы Ош областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2003-жылдын 10-ноябрындагы № 157-токтомун жана Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан 2007-жылдын 12-октябрында берилген № 117562 сандуу мамлекеттик актысын, 2007-жылдын 3-октябрындагы № 1516 мыйзам боюнча мурастоо жөнүндөгү күбөлүгүн жараксыз деп табууну сураган. Арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлгөн.