Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыйынчылыктан качпай, жењип кутулуу керек» Суроо-жооп (2015-жыл 30-январы) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Суроо-жооп
Кыйынчылыктан качпай, жеңип кутулуу керек
Эгемендүүлүк өкүм сүргөн мезгил аралыгында менчиктештирүү процесси жүрө баштады. Айталык, өнөр жай өндүрүштүк мекемелер, курулуш, айыл чарба, чакан жана орто ишканалар менчиктештирилип, ээлерин тапты. Ал эми медицина, билим берүү, маданият баш болгон ж.б. социалдык тармактар мамлекеттин камкордугуна байланып оор бойдон калууда.
Айрыкча айыл жеринде нечен жыл мурда курулган, текчелери ным жыттанган, китептери саргайып керектен чыга баштаган китепканалар, шарттын жоктугунан жоголуу астында турган баалуу иш-кагаздар сакталуучу архивдик мекемелер, чатырынан суу, таманынан сыз өткөн мектеп, бала бакча, медициналык, кара кулпу кайтарган маданий жайлардын абалы чынында санаабызды санга бөлөт. Мээримге, камкордукка ар дайым суусап турган согуш жана эмгектин ардагерлери, пенсионерлер, жетим-жесирлер, турмушу начарлар, майыптар ж.б. жалпы кайрылгандардын социалдык көйгөйлөрүн дароо чечүү колдон келбес. «Кыйынчылыктан качпай, жеңип кутулуу керек» деген сөздүн төгүнү жок белем. Аламүдүн районунда социалдык маселелерди жумшартуу жумуштары ич жылытат.
Айчүрөк Макешов
Суроо: - Айбек Дөлөтбекович, сексенден ашык улуттун өкүлдөрү жашаган райондо камкордукка муктаждардын абалы тууралуу токтолуп кетсеңиз?
Жооп: - Жалпы райондун аймагында 38188 үй-бүлө же 147,7 миң адам жашайт. Аталгандар катталганы, тургундардын саны мындан да көп болушу толук мүмкүн. Себеби, республикабыздын туш-тарабынан жумуш издеп келгендер жок эмес. Миграция маселеси «жумшара» элек.
Быйыл жалпы жөлөк пул алчуулардын саны 2470ке жетти. Былтыркы жылга салыштырмалуу 118ге көп. 1849 адам ай сайын 3947,0 сомдон жөлөк пул алат. 1-январга карата калктын жеңилдигине каралган категориясы 1652 адамды түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу 69га азайган. Быйыл 4650 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык паспорт (СПМС) ачылды. Жалгыз бой жашагандардын саны - 348. Алардын ичинен 29 адамды социалдык кызматкерлер үйлөрүнө барып тейлейт. Аталган жөлөк пулдар чеке жылытпайт. Ар бирибиз жакшы, бардар, бай жашоо үчүн күрөшүп, каруубузду казык кылууга тийишпиз.
Суроо: - Райондо жакырчылыктын деңгээли 12,6 пайызга барабар экен. Алты саны аман, ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбогон жаштарды иш менен камсыз кылуу жакшы жолго коюлса, албетте, жардылык кесепеттер четтемек. Ушул багытта кепти улантсак...