Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик социалдык коргоо фондунун ортосундагы Милдеттџџ мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жљнџндљ» Протокол долбоору (2014-жылдын 26-декабры) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик социалдык коргоо фондунун ортосундагы Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө
Протокол
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 613-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик социалдык коргоо фонду,
теңдик жана өз ара пайда табуунун негизинде эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү каалап,
бул кызматташуу жалпы кызыкчылыктарга кызмат кылаарын жана эки өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жогорулатууга салым кошоорун эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана өз компетенциясынын алкагында өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө макулдашты.
2-берене
Тараптар өз компетенциясынын алкагында төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
- калкты социалдык жактан коргоо жана пенсиялык реформалар менен камсыз кылуу тутумунда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун абалы жөнүндө маалымат алмашуу;
- Кыргыз Республикасында жана Азербайжан Республикасында пенсиялык реформалар жөнүндө маалымат алмашуу;
- Тараптардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тажрыйба алмашууга өбөлгө болуучу биргелешкен семинарларды жана/же тегерек столдорду өткөрүү;
- милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча делегацияларды жана эксперттерди жиберишүү;
- макулдашылган программалардын негизинде биргелешкен социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- өз ара пайдалуу кызматташтык боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн биргелешкен жумушчу топторду түзүү;
- өз ара кызыкчылыктарды билдирген маселелер боюнча мезгилдүү талдоолорду жүргүзүүгө жана кызматташуу үчүн стратегиялык жетектөөчү принциптерди иштеп чыгууга Тараптардын жетекчилерин катышуусу.
Ушул Протокол өз ара макулдашууда Тараптарга кызматташуунун башка формаларын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылбайт.
3-берене
Тараптар ушул Протоколдун 2-беренесинде көрсөтүлгөн багыттар боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жагымдуу шарттарын камсыз кылуу үчүн тажрыйба алмашат.