Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасы жана Ислам Љнџктџрџџ Банкынын ортосунда Ош-Баткен-Исфана автожолунун реконструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашуу (Жедда шаары, 2014-жылдын 25-июну) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасы жана Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосунда
Ош-Баткен-Исфана автожолунун реконструкциялоо долбоору боюнча
Насыялык макулдашуу
(Жедда шаары, 2014-жылдын 25-июну)
КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 168 Мыйзамы менен ратификацияланган
Долбоор №: KYR-0048
Бул Насыялык Макулдашуу (Макулдашуу) 27/8/1435Х түзүлгөн, 25/06/2014-ж. туура келет.
Кыргыз Республикасы (мындан ары «Карыз алуучу» деген аталышта)
жана
Ислам Өнүктүрүү Банкынын (мындан ары «Банк» деген аталышта)
ортосунда
Карыз алуучу жана Банк мындан ары өз алдынча «Тарап» жана чогуу «Тараптар» деп аталышат.
Мунун негизинде,
A. 1-тиркемеде көрсөтүлгөндөй карыз алуучу Банкка Кыргыз Республикасындагы, Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо долбоорун каржылоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган;
B. Банктын максаттарынын бири катары катышуучу-мамлекеттеринин долбоорлорун жана өнүктүрүү программаларын каржылоого насыя берүү жолу менен көмөк көрсөтүү болуп эсептелет; жана
C. Банк төмөндө баяндалган шарттарда Карыз алуучуга, 2-беренеде көрсөтүлгөндөй 19/02/1435Х (22/12/2013-ж.) насыяны жактырды;
Жогоруда баяндалгандарды эске алып Тараптар төмөндөгүлөр тууралуу келишимге келишти:
1-берене. Жалпы шарттар, аныктамалар жана талкуулар
1.1. Тараптар, бул Макулдашууда толугу менен баяндалган болсо, ошондой эле күчтө жана кыймылда Жалпы шарттардын бардык жоболорун кабыл алышат.
1.2. Эгер контекстте башканы талап кылбаса, анда Жалпы шарттарда жана бул Макулдашууда аныкталган терминдер, бул Макулдашууда ага берилген мааниге ээ.
1.3. Аныктамалар:
Консультант | Долбоорду ишке ашырууга, бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык тандалып алынган өз алдынча консультант, ошондой эле консультациялык фирма. |
Төлөм процедурасы | Банктын «Төлөм процедурасы». |
Төлөм | Насыянын суммасын алуу. |
Аткаруучу агентство | Макулдашуунун 6.1-бөлүмүндө аныкталган, Карыз алуучунун атынан жана Карыз алуучу үчүн Долбоорду ишке ашырууга жоопкерчиликтүү орган. |
Биринчи төлөм: | Күчүнө киргенден кийинки Банктын тиешелүү саясаттарына жана колдонмолоруна ылайык жүргүзүлгөн биринчи төлөм. |
«Жалпы шарттар» | «Банктын аткаруучу директорлорунун Кеңеши тарабынан жактырылган (резолюция СИД № 47/BED/96/10(27), 8/11/1976-жылындагы Банктын Насыясына жана Кепилдик берүүчү макулдашууларына колдонулган, Жалпы шарттар. |
«Насыя/Насыянын суммасы» | 2-беренеде көрсөтүлгөндөй, Банктын Карыз алуучуга бөлүп берүүгө макулдугун берген - сумма. |
«Негизги сумма» |