Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № АД-000997/13 МО токтому |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
![](https://s.continent-online.com/images/warning.png) | ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы токтому
Иш № АД-000997/13 МО
Көзөмөл өндүрүшү № 6-844/14 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында:
төрагалык кылуучу: Токбаева А.А.,
судьялар: Акматов Б.Дж., Джумашов К.О.,
сот отурумунун катчысы: Абышов Б.,
тараптардын: М.Мирзаевдин жана Г.Кадированын өкүлү С.Шакеновдун (2014-жылдын 27-январындагы ишеним каттын негизинде) катышуусунда,
соттун ачык отурумунда Араван райондук прокуратурасынын Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 8-январындагы аныктамасына жана Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 23-майындагы токтомуна карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги сунушун карап,
Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 8-январындагы аныктамасы менен доо арыз кемчиликтерин жоюу үчүн кайра кайтарылган
(төрагалык кылган: Кулакматов Б.О.),
Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 23-майындагы токтому менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 8-январындагы аныктамасы күчүндө, Араван райондук прокуратурасынын жеке сунушу канааттандыруусуз калтырылган
(төрагалык кылган: Каримова Р.А., судья: Мурзабеков Б.Т., баяндамачы-судья: Эгембердиева А.У.),
ТАПТЫ:
Араван райондук прокуратурасы Ош областынын райондор аралык сотуна Араван райондук мамлекеттик администрациясына, Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына, М.Мирзаевге, Г.Кадировага карата Араван райондук администрациясынын 2002-жылдын 29-июлундагы № 148 токтомун, Араван райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан берилген 2012-жылдын 21-августундагы Ч № 402493 мамлекеттик актысын, 2002-жылдын 6-июлундагы сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы менен кайрылган.
Соттор тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн сот актылары кабыл алынган.
Кабыл алынган биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун соттук актылары менен макул болбостон Араван райондук прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл тартибиндеги сунушу менен кайрылып, аны төмөндөгүдөй жүйөлөгөн.
Биринчи инстанция сотунун аныктамасында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктунун негизинде арыздын даттануу мөөнөтү өтүп кеткендиги көрсөтүлгөн.