Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме!
|
|
Получить полный доступ к документу
|
|
|
|
|
«Темир жол такай кљзљмљлдџ талап кылат» Суроо-жооп (2015-жылдын 23-январы) |
Для того, чтобы получить текст документа, вам нужно ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.
|
|
|
|
|
|
|
|
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов NEO, Tele2 временно недоступна |
| ВНИМАНИЕ! Услуга для абонентов Beeline, NEO, Tele2 временно недоступна |
Блок «Бизнес - справки» - это информация более чем о 40 000 организациях Казахстана (адреса, телефоны, реквизиты и т.д.), в которых представлены государственные органы и коммерческие предприятия Казахстана.
Доступ к блоку «Бизнес-Справки» вы можете получить следующими способами:
Перед отправкой SMS сообщения ознакомьтесь с
условиями предоставления услуги. Внимание! Платежи принимаются только с номеров, оформленных на физ.лицо. Услуга доступна для абонентов Актив, Кселл и Билайн.
Стоимость услуги - тенге с учетом комиссии. << Назад
Суроо-жооп
Темир жол такай көзөмөлдү талап кылат
Рубрикабыздын бул жолку коногу - «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаев.
Мээрим Бактыбекова
Иш планынын негизинде жетекчи менен бирге темир жолдогу иш ыргак менен тааныштык. Жетекчи Аргынбек Малабаев менен таң эрте Пишпекте жайгашкан «Бишкек - I» темир жол станциясынан жолугуп, тепловоздордун абалы менен таанышуудан баштадык. Аргынбек мырза өзү 15 жашынан тартып темир жолдо иштегендиктен, тепловоздорду, шпалдарды жана вагон ремонттоо жумуштарын абдан жакшы өздөштүрүптүр. Орун басары Алмазбек Ногойбаев менен бирге Казакстандан алынып келинген жаңы тепловоздордун абалын кылдат карап чыкты. Машинисттер менен баарлашып, аларга ар бир механизмди көздүн карегиндей сактоону өтүндү.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги буга чейин тепловоз паркын модернизациялоо маселесин карап чыгып, жаңы тепловоздорду сатып алуу чечимин кабыл алган болчу. Адистер тарабынан Россия Федерациясынын ири «Трансмашхолдинг» компаниясынын алдындагы Брянск, Коломенск, Луганск тепловоз заводдору, Украина, Германия, жана Европа өлкөлөрүнүн тепловоз чыгаруучу ишканалары изилденип чыккан. Жыйынтыгында Казакстандын «Локомотив курастыру зауыты» Акционердик коому тандалып алынып, алардын өндүрүшүнөн чыгарылган ТЭ33А Evolution ( Эволюшн ) моделиндеги тепловоздорду сатып алуу чечимине келишкен. Ошентип, 2013-жылы «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы жана Казакстандын «Локомотив Курастыру зауыты» Акционердик коомунун ортосунда тепловоз сатып алуу боюнча атайын макулдашууларга кол коюлган. Жаңы тепловоздорду Бишкекте «Кыргыз темир жолунун» Локомотивдик депосу кабыл алды. Учурда 6 жаңы локомотив техникалык мүнөздөмөсүнө жараша жогорку деңгээлде иштейт.
«ТЭ33А Evolution» (Эволюшн) моделиндеги бешинчи муундагы тепловоздор Казакстандын «Локомотив курастыру зауыты» Акционердик коомунда жасалат. Бир тепловоздун баасы - 4,7 млн. Америка долларына барабар.
ТЭ33А Evolution (Эволюшн) моделиндеги тепловоздун техникалык параметрлери жогору. Атмосферага чыккан заттардын деңгээли 40%га төмөн. Жабдуулар микропроцессордук система аркылуу башкарылат. Ылдамдыгы саатына 120 чакырым. 2011-жылдын январь, март айларында Якутиянын оор климаттык шарттарында сыноодон өткөн жана 53 градус суукта да эч кандай тоскоолдуксуз иштей ала тургандыгы далилденген. 2012-жылы «Тажикстан темир жолу» ишканасы да ушул моделдеги тепловозду сатып алган, алардын тажрыйбасына таянсак, 1 тепловоз мурдагы 5 тепловоздун жумушун аткарат. Иштөө мөөнөтү- 40 жыл.